Ворух анклавын айланып өтүүчү жолдун курулушу башталды

Вице-премьер Токон Мамытов Ворух тажик анклавын айлынып өтүүчү жолдун курулушу тууралуу билдиргенден кийин Ак-Сай айылынын жашоочулары Исфара-Ворух унаа жолун ачышты. Учурда жергиликтүү бийлик жолдун үч күндүк буулушунан улам келтирилген чыгымдарды эсептеп жатышат.

Унаа жана байланыш министрлигинин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов Kloop.kgге берген маегинде жолду куруу иштери башталганын билдирди.

«20-декабрда Көк-Таш-Ак-Сай унаа жолунан баштап Ворух анклавын айланып өтчү жолду куруу чечими кабыл алынды. Ал жактагы иштерге унаа министрлигинин эки бульдозери жана бир экскаватору ишке тартылды», – деп билдирди Досумбетов.

Анын айтымында, жолдун курулушу үстүбүздөгү жылдын жаз айларында эле башталган, бирок ортодо убактылуу токтотулган болчу.

Эми, 18-декабрдагы кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалдан жана андан кийинки үч күндүк жолдун буулушунан соң андагы иштер кайрадан улантылды.

Абал «туруктуу»

Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаев Kloop.kgге берген маегинде учурда чек арадагы абал «туруктуу бойдон» калып жатканын билдирди.

«Ворух-Исфара унаа жолу ачылды, ал эми Баткен-Исфана жолу ага чейин эле ачылган» , – деп билдирди Бөрүбаева.

Анын айтымында, чек ара ачык бойдон калтырылып, чек ара аскерлери гана күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөгө өткөрүлгөн.

Баткен облусундагы Баткен районунун акиминин орун басары Акмурза Тагаев Kloop.kgге берген маегинде жолдун буулушунан улам келтирилген чыгымдар азырынча эсептелине электигин билдирди.

«Азырынча канча чыгым болгондугунун так суммасын айта албайбыз. Айылдагы абал көзөмөлдөнүп жатат», — деди Тагаев.

Өрттөн кийин жолдун буулушу

Исфара-Ворух унаа жолу 19-декабрь күнү Ак-Сай айылынын жашоочулары тарабынан буулган.

Алар кыргызстандык жаранга тиешелүү жайкы эс алуу курулушундагы өрттөн кийин жол тосууга барышкан. Ак-сайлыктар курулушту Тажикстандын жарандары өрттөгөндүгүн айтышып, далилдөөгө аракет кылышкан.

Аталган унаа жол төрт тарабынан тең Кыргызстандын аймагы менен курчалган тажиктердин Ворух эксклавын Тажикстандын негизги бөлүгү менен байланыштырып турган жападан жалгыз жол.

Ак-Сай айыл аймагында жергиликтүү жашоочулардын биринин жайкы эс алуу курулушу күйүп кеткенден кийин кыргыз-тажик чек арасына эки тараптан тең 200гө чукул адам чогулуп, Исфара-Ворух унаа жолун бууп алышкан. Сүрөт «Азаттык» радиосунун тажик кызматыныкы.
Ак-Сай айыл аймагында жергиликтүү жашоочулардын биринин жайкы эс алуу курулушу күйүп кеткенден кийин кыргыз-тажик чек арасына эки тараптан тең 200гө чукул адам чогулуп, Исфара-Ворух унаа жолун бууп алышкан.
Сүрөт «Азаттык» радиосунун тажик кызматыныкы.

Бирок жолдун тосулушу Тажикстандын жарандары үчүн гана эмес, Ворух аркылуу Баткен облусунун чыгышынан батыш бөлүгүнө өтчү кыргызстандыктарга да терс таасирин тийгизген.

“Азаттык” радиосунун тажик кызматынын билдирүүсү боюнча, 23-декабрда Кыргызстан менен Таджикистандын өкүлдөрү Бишкекте жолугушуп, кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшмөк.

Авторлор: Нуржамал Жаныбекова жана Бексултан Искендеров
Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды