Парламенттин «Кумтөр» алтын кени боюнча угууларына өкмөт мүчөлөрүнөн дээрлик эч ким катышкан жок.
Бүгүн, 24-декабрда парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети «Кумтөр» алтын кенине ээлик кылуу жана башкаруу маселелерин карап жатат.
Бирок комитеттеги окууга өкмөт мүчөлөрүнүн дээрлик бардыгы тең келген жок.
Комитет төрагасы Эркин Алымбековдун маалыматы боюнча, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өлгөнгө кетип, вице-премьерлердин бардыгы тең ооруп калган. Жыйынга депутаттардан сырткары салык кызматынын төрагасы менен башкы прокурордун орун басары гана катышып жатат.
Алымбеков өкмөт мүчөлөрү жыйынга келбегендиги менен элди «тоотпостугун» көрсөтүп жатат деп эсептейт.
«Премьер-министр өлгөнгө кетип, бүгүн өкмөттөн эч ким келбейт экен. Масалиев [Исхак Масалиев – салык кызматынны төрагасы] жалгыз жана прокуратурадан башкы прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмамат уулу гана келди. Бул экөөнөн башка патриоттор калбай калганбы?», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.
Азырынча бул боюнча өкмөттүн басма сөз кызматы эч кандай түшүндүрмө бербей эле, бирок бүгүн 15:00дө өтө турган маалымат жыйынында баарын түшүндурүп бере тургандыктарын убадалашты.
Комитет жыйынында каралып жаткан маселелердин негизгиси биргелешкен «Кумтөр» ишканасындагы акциялардын үлүшүн канадалык «Центерра Голд» компаниясы менен Кыргызстандын өкмөтүнүн ортосунда теңме-тең бөлүштүрүү.
Ошондой эле комитет канадалыктардан кенди иштетүүдө келтирген деп айтылып жаткан экологиялык зыяндарды төлөтүп алуу маселесин да карайт.
Комитет төрагасынын айтымында, Кыргызстан Ысык-Көлдүн булгануусунан улам өлкөгө келтирилген чыгымдар үчүн «Центерра Голддон» бир миллиард АКШ долларын талап кылууда.
Жабык эшик артындагы жыйын
Өкмөт кечээ, 23-декабрда «Кумтөрдү» башкаруу боюнча өз планын иштеп чыгуу маселеси боюнча жабык эшик артында жыйын өткөргөн.
Үстүбүздөгү жылдын октябрында парламент депутаттары «Кумтөргө» ээлик кылуу боюнча Кыргызстан менен канадалык «Центерра Голд» компаниясынын ортосундагы макулдашуунун жаңы вариантын колдобой койгон. Мындан улам өкмөт кечээ ал маселе боюнча чогулууга аргасыз болгон.
Азырынча ал жыйындын жыйынтыктары боюнча маалымат бериле элек.
Буга чейин өкмөт «Кумтөргө» ээлик кылууда Кыргызстан менен «Центерра» бирдей үлүшкө ээ боло тургандай вариант сунуштаган, бирок парламент депутаттары өлкө акциялардын 67 пайызына ээ болушу керек деген талап коюшкан.
Депутаттар парламенттин 23-октябрындагы жыйынында бул маселе боюнча өлкөгө пайдалуу чечим табуу үчүн өкмөткө туура эки ай мөөнөт берген.
«Центерра» менен оппозициянын ортосунда
Канадалык өнөктөштөрдүн парламент тарабынан сунушталып жаткан вариантты кароодон баш тартып жатышы өкмөттүн абалын бир топ эле оорлотууда.
Ноябрь айында «Центерранын» өкүлү Кыргызстанга «Кумтөрдүн» 67 пайыз акциясын берүү «таптакыр мүмкүн эмес» экенин жана эгер андай чечим кабыл алына турган болсо компания кыргыз өкмөтү менен соттошууга даяр экенин билдирген.
Ал ортодо парламенттин бир катар депутаттары — өзгөчө оппозиялык «Ата-Журт» партиясынын өкүлдөрү — алтын өндүрүү компаниясынын толугу менен улутташтырылышын талап кылып жатышат.
Азыркыга чейин президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бийликтегилер «Кумтөргө» ким жана кандайча ээлик кылышы керектиги боюнча так позицияларын билдирише элек.
Эгер октябрда Атамбаев дагы, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев дагы өлкөдө акциялардын 67 пайызына ээлик кылуу мүмкүнчүлүгү жоктугу тууралуу айтып жаткан болсо, ноябрда өлкө башчысы ишкананын улутташтырылышы мүмкүндүгүнүн четин чыгарып айткан.
Өз кезегинде Кыргызстан «Центерранын» акцияларынын 33 пайызына ээлик кылат, эгер «Кумтөр» боюнча биргелешкен ишкана түзүү тууралуу жаңы макулдашуу күчүнө кирсе өлкө ал үлүштөрүнөн баш тартууга даяр.
Автор: Нуржамал Жаныбекова