Өкмөт парламент комитетинин «Кумтөр» боюнча жыйынына катышкан жок

«Кумтөр» алтын кени боюнча көйгөйлөрдү чечүүгө байланышкан парламенттик угууга өкмөттүн дээрлик бардык мүчөлөрү келишкен жок. Алтын кени боюнча маселени карап жаткан комитеттин төрагасынын айтымында, премьер-министр өлгөнгө кетип, министрлердин баары ооруп калышкан.

Бүгүн, 24-декабрда парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети  «Кумтөр» алтын кенине байланышкан маселелерди карап жатат. Бирок комитеттеги угууга өкмөттүн дээрлик бардык мүчөлөрү келишкен жок.

Комитет төрагасы Эркин Алымбековдун маалыматы боюнча, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өлгөнгө кетип, вице-премьерлердин бардыгы тең ооруп калган. Жыйынга депутаттардан сырткары салык кызматынын төрагасы менен башкы прокурордун орун басары гана катышып жатат.

Алымбеков өкмөт мүчөлөрү жыйынга келбегендиги менен элди «тоотпостугун» көрсөтүп жатат деп эсептейт.

«Премьер-министр өлгөнгө кетип, бүгүн өкмөттөн эч ким келбейт экен. Масалиев [Исхак Масалиев – салык кызматынны төрагасы] жалгыз жана прокуратурадан башкы прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмамат уулу гана келди. Бул экөөнөн башка патриоттор калбай калганбы?», — деп суроо салды ал.

Азырынча бул боюнча өкмөттүн басма сөз кызматы эч кандай түшүндүрмө бербей эле.

Комитет жыйынында каралып жаткан маселелердин негизгиси биргелешкен «Кумтөр» ишканасындагы акциялардын үлүшүн канадалык «Центерра Голд» компаниясы менен теңме-тең бөлүшүү.

Ошондой эле комитет канадалыктардан кенди иштетүүдө келтирген экологиялык зыяндарды төлөтүп алуу маселесин да карайт. Комитет төрагасынын айтымында, Кыргызстан Ысык-Көлдүн булгануусунан улам өлкөгө келтирилген чыгымдар үчүн «Центерра Голддон» бир миллиард АКШ долларын талап кылууда.

Азыркыга чейин президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бийликтегилер «Кумтөргө» ким жана кандайча ээлик кылышы керектиги боюнча так позицияларын билдирише элек..

Эгер октябрда Атамбаев дагы, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев дагы өлкөдө акциялардын 67 пайызына ээлик кылуу мүмкүнчүлүгү жоктугу тууралуу айтып жаткан болсо, ноябрда өлкө башчысы ишкананын улутташтырылышы мүмкүндүгүнүн четин чыгарып айткан.

Өз кезегинде Кыргызстан «Центерранын» акцияларынын 33 пайызына ээлик кылат, эгер «Кумтөр» боюнча биргелешкен ишкана түзүү тууралуу жаңы макулдашуу күчүнө кирсе өлкө ал үлүштөрүнөн баш тартууга даяр..

Автор: Нуржамал Жаныбекова