“Улуу кыргыз каганаты” коллекциялык тыйын топтому сатыкка чыкты

Улуттук банк “Кыргыз каганатынын доору” сериясындагы монеталардын алгачкы этабын сунуштады. Бул сериядагы монеталардын көч башында “Улуу кыргыз каганаты” коллекциялык тыйыны жасалып, бүгүнтөн тарта сатыкка коюлду.

Коллекциялык тыйындын баасы 2200 сом деп белгиленген, аны сатып алууну каалагандар Улуттук банктан алса болот. Саны 2000 даана.

Каганат aversКаганат revers

[…] Монетанын алдыңкы бетине түшүрүлгөн белги (тамга) -- VII кылымда кытай жылнамасында (летопись) эскерилген кыргыз элинин символу, алтын жалатылып түшүрүлгөн. Монетанын арткы бетинде байыркы кыргыз жашоо-турмушунун символу болгон, элин сырткы душмандардын коргоп, өз жеринин эгеси катары шаңдуу келе жаткан төрт атчандын элеси түшүрүлгөн. Жогорку бөлүгүндө рун жазуусу менен “Кыргыз эли” деген жазуу чагылдырылган. Ал эми төмөнкү бөлүгүндө металлдын салмагы жана баалуулугу (Ag 925/28.28g), монетанын номиналы (10 сом) келтирилген”,-- деп сүрөттөлөт тыйындын көрүнүшү расмий билдирүүдө.

Кыргызстандын тарыхында алгачкы коллекциялык тыйындар “Манас” сериясы деп аталып 1995-жылы чыгарылган. Андан сырткары “Айтматов”, “Кыргызстандын кызыл китепке кирген жаныбарлары” жана ушул сыяктуу серияларда баары биригип 44 коллекциялык тыйындар чыгарылган. “Улуу кыргыз каганаты” тыйындары Алтай-Энесай доорундагы кыргыз тарыхына арналып 45-коллекциялык монета болуп калды.