Кыргызстандыктар январдын алгачкы аптасында эс алышат

Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги «дем алыш жана иш күндөрүн туура пайдалануу» максатында январдын алгачкы иш күндөрүн дем алыш күндөргө которуу демилгесин жактырды. Бул 2013-жылдын алгачкы 7 күнү иш күндөрү болбойт дегенди билдирет.

Эмгек министрлиги тарабынан 2чи, 3чү жана 6-январь иш күндөрү дем алыш деп жарыяланды, бирок алардын ордуна үч ишемби катары менен — 11чи, 18чи жана 25-январлар — иш күндөрү болот.

Мындай жол менен бийликтегилер Кыргызстандагы көпкө созулган жаңы жылдык майрамдар салтын улантты.

Январдын башталышындагы мындай дем алыштар боюнча пикириңиз кандай? Кыргызстандыктар ушунча узак эс алышы керекпи же иштегендери жакшыбы? Өз пикирлериңиздерди төмөнкү жактагы пикир калтыруу бөлүмүнө жазып калтырсаңыздар болот.

Автор: Тилек Бейшеналиев

Сүрөттө 2012-жылдын акыркы күнү, автору Гүлжан Турдубаева