Өлкөнүн «улуттук кызыкчылыктары» эске алынмайынча Кыргызстан Бажы биримдигине кирбейт

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын  «улуттук кызыкчылыктары» эске алынмайынча өлкө Бажы биримдигине кирбей тургандыгын билдирди.

Атамбаев Москвада өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги отурумуна катышып жатып өлкөнүн Бажы биримдигине кирүү боюнча жол картасын бекитүүдө Кыргызстандын бардык сунуштары эске алынышы керектигин билдирди.

«Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан интеграциялык бирикмелерге улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен гана кошулаарын баса белгиледи», — деп жазылган президенттин администрациясынын жолугушуудан кийин таркаткан пресс-релизинде.

Президенттин администрациясынын маалыматы боюнча, Бажы биримдигине кирген Орусия, Казакстан жана Беларуссиянын өлкө башчылары Атамбаевдин бул позициясын «колдой тургандыктарын» билдиришкен.

Эми Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү боюнча жол картасынын үстүнөн иштеп жаткан эксперттик топ документти кайрадан иштеп чыгуусу керек.

Өлкө башчысынын билдирүүсү Кыргызстандын экономикалык биримдикке киришин кезектеги жолу белгисиз бир убакытка чейин создуктуруп койду.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча сүйлөшүүлөр 2011-жылы башталган, бирок өлкөдө ал идеяга түрдүү пикирлер айтылып, аны колдогондор да, каршы чыккандар да болду.

Бажы биримдигине кирүү идеясын колдогондор Кыргызстандын ишкерлери үчүн Казакстан, Орусия сыяктуу ири сатуу рыноктору ачылат деп эсептеп жатышса, каршы болуп жаткандар Кытайдан алынып келинген товарларды КМШ өлкөлөрүнө экспорттоо менен Кыргызстандын экономикасына кыйла эле салым кошуп келген ишкерлердин банкрот болушу ыктымалдыгынан чочулап жатышат.

Алардын бул кооптонууларынан улам Кыргызстан эгер Бажы биримдигине кирип калса өлкөнүн ишкерлерин колдоо үчүн атайын фонддун түзүлүшү жана ири базарлар үчүн өзгөчө жеңилдиктердин болушу керектигин билдирүүдө.

Автор: Бектур Искендер