Ош шаардык кеңешинде бийликчил партиялардын депутаттарынан турган жаңы коалиция түзүлдү

25-декабрда Ош шаардык кеңешинин беш партиясынын депутаттары биригишип жаңы башкаруучу коалицияны түзүштү. Ошентип, экс-мэр Мелис Мырзакматовдун партиясы азчылыкта калды.

Экс-мэр Мелис Мырзакматовдун «Улуттар биримдиги» партиясынын үстөмдүгү шаардык кеңештин 25-декабрдагы сессиясында аяктады.

2012-жылдагы шайлоодон кийин мэрдин партиясы курамына 45 депутаттын 23ү кирген башкаруучу коалицияны түзгөн — анда Улуттар биримдигинин 21 депутаты жана «Замандаш-Современник» менен Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясынан бирден өкүлдөр болгон.

Курамына президенттик Социал-демократтар партиясы (КСДП) кирген атаандаштарына жаңы коалиция түзүү үчүн өз катарына жок дегенде бир депутатты тартуу гана жетиштүү болду.

25-декабрда «Замандаш-Современниктин» өкүлү КСДП (11 орун), «Республика» (8 орун), «Адилеттүү Кыргызстан» (2 орун) жана «Ата-Мекен» (1 орун) партияларынын депутаттарынан турган биримдиктин катарына кошулду.

Беш партиядан турган жаңы коалиция «Акыйкат, Ынтымак» деген аталышка ээ болду.

Ал өз ишмердүүлүгүн Ош мэриясынын 2013-жылы аткарган иштери боюнча отчетун кабыл алуудан баш тартуу менен баштады.

Ал эми Мырзакматов болсо шаардык кеңеш кийинки жылдын январында өткөрүшү керек болгон шайлоодо кайрадан мэр болуп шайлануу мүмкүнчүлтөрүн жоготууда.

Азырынча декабрдын башында кызматынан алынган мурунку мэрдин буга карата реакциясы белгисиз.

Автор: Бектур Искендер