"Арча" базарындагы талашка качан чекит коюлат?

Кулатов кичи шаарчасында жайгашкан «Арча» базарынын түбүнөн газ түтүктөрү өткөн.  Алардын эскилиги жеткен. Ош шаардык бийлиги базарды көчүрүү зарыл экендигин айтууда. Газ чарба башкармалыгы базардын жайгашуусу туура эмес  деп билдирди.  Ал эми сатуучулар базардын көчүүсүнө нааразы. Базар жетекчисинин айтымында ал түтүктөр аркылуу газ өтпөйт.

Ош шаардык бийлиги «Арча» базарын Жапалактагы борбордук базарга  көчүрүү зарылдыгын билдирди. Себеби базардын түбүнөн газ түтүктөрү өткөн. Алардын эскилиги жетип, жаӊылоо зарыл деп билдирди Ош шаардык мэриянын өкүлү.

Сатуучу Умсунай Темирбекова  базардын көчүүсүнө нааразы.

123

Мен сегиз жылдан бери ушул «Арча» базарда соода кыламын. 5 баланын энесимин. Жолдошум көз жумган. Базар менен жан багабыз. Биз эч жака көчкүбүз келген жок. Контейнерди 3миӊ долларга  сатып алгамын. Ар бир ай сайын ижара  акы төлөймүн. Эми бизди унаа базарга көчөсүӊөр деп жатышат. Ал жактан бизге эч кандай шарты жок, жер берет экен. Ансыз деле алтынчы базар күндөрү жолдо  авто тыгын  болууда. Биздин базарды да, ал жака жылдырса андан өткөн жол тыгыны болот.

 Арзыкан  Турсунбаеванын айтымында эгерде газ трубалары базардын жери аркылуу өтсө анда эмнеге базар орношуусуна уруксат беришет.

Арзыкан  Турсунбаева
Арзыкан Турсунбаева

Бул базарда 12 жылдан бери иштеймин. 5 миӊ долларга  контейнер сатып алгамын.  Газ трубалары бар экен, базар курула электе ойлонушпайбы. Элдин баары жайланышып орношуп алгандан кийин эстебей. Андай болсо  базарды бул жерге эмес башка жерге орнотуш керек эле. Азыркы күндө эми кыйраткан жумуш жок. Бир жерге ишке кирейин десеӊ тааныш –билиш керек, анысы аз келгенсип шапкесин беришиӊ керек. Элдин баары эле соода-сатык менен бала-чакабызды багып жатабыз. Унаа базарына көчсөк ал жак тескери жайгашкан. Соода кандай болот белгисиз.

Ош шаарынын мэриясынын алдындагы жеке турак жай куруу жана турак жай боюнча департаменттин директору Алимбай Кадыров.

Алимбай Кадыров
Алимбай Кадыров

Биз бул базардын ижарачылары менен келишим түзгөнбүз. 2014-жылы ал келишимдин мөөнөтү аяктайт. Атайын коммиссия түзүлөт бул маселени карайбыз. Ошол базар аркылуу газ түтүктөр өткөн. Алар эскирген. Тийиштүү кызматтар менен ремонт жүргүзүлүш керек. Ремонт туш келген соода түйүндөрдү жылдырууга биз аргасызбыз. Биз аларга жай карашыбыз керек. Шарт түзүү зарыл. Нормативдик актылардын негизинде иш алып барабыз. Бизге газ чарбадан, архитектурадан эскертүү кагаз келген. Газ түтүктөрүн жаӊылоо зарыл.

Ош шаарынын Газ чарба башкармалыгынын башчысы Маматкалык Аматовдун айтымында  базардын жайгашуусу туура эмес.

Газ түтүктөрдүн үстүнөн базардын орношуусу туура эмес. Ал түтүктөрдүн эскилиги жеткен. Биз бул тууралуу Ош шаардык мэрияга кат жолдогонбуз. Эгерде түтүктөр жарылса адам өмүрүнө зыян келиши мүмкүн.

Базардын жетекчиси Марс  Султанов эмне дейт?

Базар жайгашкан жердин түбүнөн газ түтүктөрү өткөн. Алардын эскилиги жетип, жаӊылоо зарыл. Ремонт убагында газ түтүктөрдүн айланасы , 4метрден   бош болуш керек. Ошондуктан ошол жерге туш келген соода-түйүндөрдү жылдырабыз. Биз ошол сатуучуларга дал ушул эле базардан орун беребиз. Колдо турган нерсени башка базарга кетиргибиз келбейт. «2014-жылы жаз айларында ушул маселени көтөрөбүз»-,  деп Ош шаардык мэрия айткан. Бирок качан чечилери так белгисиз.  Бул  түтүктөрдөн газ деле өтпөйт. Трубалар жер астында жөн эле жатат. Чыныгы газ түтүктөр жердин үстү менен өткөн. Аны  алмаштыруунун эмне кереги бар мен үчүн табышмак.

 

Kloop.kg Кулатов кичи шаарчасындагы базардын Жапалактагы унаа базарына көчүүсүнө  сиздин оюӊуз кандай?-деген суроо менен карапайым  элге кайрылды.

Жаӊылай Тезекбаева, Ош шаарынын жашоочусу:

Мен ушул базардын жанындагы үйдө  турамын. Базар көчүп кетсе бизге жаман эле болот. Себеби  үйгө жакын жайгашкандыктан  биз үчүн өтө  ыӊгайлуу.  Үйгө конок келгенде чуркап түшүп майда-чүйдө ала коесуӊ. Кээде ширеӊкеӊ, тузуӊ, наныӊ, калбай калат демекчи. Эми Араван жолундагы унаа базарына көчүп кетсе бизге ал жак тескери ыӊгайсыз.

Өмүрбек  Байзаков, Ош шаарынын жашоочусу:

Базар  Араван жолундагы  унаа базарына көчсө авто  тыгыны аябай күчөйт. Унаа базарында ансыз деле алтынчы базар күндөрү пробка. Сатылуучу  унаалар  базардын ичине батпагандан жолдун бою бүт эле машина басып кеткен. Эгерде «Арча» базарын да бул жака көчүрсө анда баш-аламан болот.

Гульзина Шайырбекова, Ош шаарынын тургуну:

Ушул биздин атка минерлер кызык. Ошол газ түтүктөр бар экен. Базарга эмнеге  уруксат беришет. «Арча» базарын андай болсо бөлөк жерге куруш керек эле. Биздин чиновниктер качан өлүм-житим болгондо гана ойлонушат.

Марат Жусупбеков, Ош шаарынын жашоочусу:

Эгерде базарды Жапалака көчүрсө кошумча жолдорду ачуу керек.  Жол  ачылбаса айдоочуларга кыйын эле болот. Автоунаа кырсыктар көбөйөт.

Автор: Элиза Таштанова

Сүрөттөр: Автордуку

Макала «Кабар Ордо»  долбоорунун алкагында жарыяланды.