Башкы прокуратуранын өрттөлгөн имаратынын тагдыры дагы деле белгисиз

Бишкек шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы башкы прокуратуранын 2010-жылдагы революция маалында өрттөлгөн имаратынын тагдыры  дагы деле «белгисиз» экенин билдирди. Анын абалы канааттандыраарлык эмес деп табылганы менен бийлик азырынча имаратты бузуу боюнча чечим кабыл ала элек.

Бишкек шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалынынын башчысынын орун басары Геннадий Лигай Kloop.kgге берген маегинде башкы прокуратуранын өрттөлүп кеткен имараты толугу менен же жарым-жартылай «бузула» тургандыгын билдирди.

Анын айтымында, имарат структуралык жактан бузулган, ошондуктан белгиленген багыт боюнча пайдаланууга болбойт.

«Деформация сыяктуу бир катар конструктивдик өзгөрүүлөр бар. Сейсмолог-адистердин корутундусу — имаратты азыр пайдаланууга болбойт», — деди Лигай.

Башкы прокуратуранын имараты 2010-жылдагы революциянын эртеси. Автору: Тимур Райымкулов
Башкы прокуратуранын имараты 2010-жылдагы революциянын эртеси. Автору: Тимур Райымкулов
Имарат революциядан бери сыртынан капталган күйүктөрдүн кыйласын жоготкон. Автору: Уулкан Жекшенбек кызы
Имарат революциядан бери сыртынан капталган күйүктөрдүн кыйласын жоготкон. Автору: Уулкан Жекшенбек кызы

Ошентсе да бийликтегилер имаратты кандай келечек күтүп турганын жана анын тагдыры качан чечилээрин дагы деле түшүндүрүп бере алышпайт.

«Сунуштар [жаңы имарат боюнча] эскиздер боюнча калды. Бул имаратты келчекте эмне кылышат азыр айтуу кыйын, бирок ал ушул калыбында калбашы керек», — деди Лигай.

2013-жылдын августунда ушундай эле көз карашын Курулуш жана аймактык  өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Азиза Масимова да билдирген.

Анда ал «инвестициялык долбоордун жоктугунан» улам имарат боюнча чечимдердин кабыл алынышы создуктурулуп келе жатканын айткан.

Ансамблдин бөлүгү

Геннадий Лигайдын айтымында, дагы бир кыйынчылык бул имараттын  «Ала-Тоо» аянтынын архитектуралык ансамблинин бир бөлүгү болуп саналгандыгында.

Ал башкы прокуратуранын өрттөлгөн имаратын алмаштыра турган мыкты имарат долбоору деген сынак өткөрүүнү сунуштайт.

Лигай объектинин ишкерлерге сатылып кеткендиги тууралуу кыргыз тилдүү басылмаларга чыккан маалыматтарды четке какты — анын айтымында, ал дагы деле өкмөттүн балансында.

Имарат 2011-жылдан бери «Демир банктын» жарнамалык баннерлери менен капталган. Автору: Уулкан Жекшенбек кызы
Имарат 2011-жылдан бери «Демир банктын» жарнамалык баннерлери менен капталган. Автору: Уулкан Жекшенбек кызы

Башкы прокуратура Киев көчөсүндө жайгашкан бул имаратта 2010-жылдагы революция маалында өрттөлгөнгө чейин жайгашып келген.

Андан кийин ал имарат өзүнүн жарым-жартылай ураган абалы менен шаардын бул бөлүгүнө дээрлик бир жылга чукул өзгөчө бир көрүнүш берип турган.

Ал 2011-жылы гана жарналык баннерлер менен капталган.

Kloop.kgнин журналисти Уулкан Жекшенбек кызы Башкы прокуратуранын эски имаратынын учурдагы абалын сүрөткө тартып алуу үчүн ал жакка барып келди.

Биринчи караганда имараттын ичинде эч ким жоктой көрүнөт:

genprokuratura_1413Ошентсе да арткы эшигинин жанындагы бөлмөлөрдүн биринде жакын жактагы күркөнүн соодагерлери орун алышкан:

genprokuratura_1424Соодагерлердин өрттөлгөн имаратта канчадан бери жашап жаткандыктарын билүү үчүн журналист алар менен жолуга алган жок:

genprokuratura_1423Жалпысынан, өрттөн кийин имаратта эч кандай оңдоо иштери жасалбагандыгы көрүнүп турат:

genprokuratura_1414Кээ бир бөлмөлөрдө күйүп кеткен асмашамдардын калдыктары сакталып калган:

genprokuratura_1415Ошол эле маалда жумушчулар коңшу имараттын чатырын оңдоп жатышат:

genprokuratura_1416Күйүп кеткен прокуратура имаратынын көптөн бери чатыры жок:

genprokuratura_1418Өткөн мезгилдин артефакты:

genprokuratura_1425Элдик чыгармачылык:

genprokuratura_1417Автор: Камила Баймуратова