Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо 15-январда өтөт

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоону 2014-жылдын 15-январына белгиледи. Ага талапкерлерди өлкөнүн премьер-министри, ошондой эле шаардык кеңештердеги фракциялар сунуштай алышат.

Кыргызстандын бул эки ири шаарында мэрлерди шайлоо зарылчылыгы декабрдын башында, алгач Бишкектин башчысы Иса Өмүркулов, андан соң түштүк борбордун мэри Мелис Мырзакматов кызматтарынан кеткенден кийин келип чыккан.

Өмүркулов 4-декабрда, ага каршы жер кодексин бузган деген шек менен кылмыш иши козголгондон кийин кеткен, ал эми Мырзакматов 5-декабрда, Бишкектеги борбордук бийлик менен чырлашып кеткен соң кызматынан алынган.

Өмүркулов кызматынан жер кодексин бузган деп айыпталгандан кийин кеткен
Өмүркулов жер кодексин бузган деп айыпталган соң кызматынан кеткен

Ошентсе да, эки мэрлик орун тең бош калгандыгына карабастан Боршайком жаңы шайлоолорду белгилей алган жок, анткени Бишкек жана Ош шаарларынын макамдары жөнүндөгү жаңы мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев тарабынан кол коюла элек болчу.

Жыйынтыгында президент ал мыйзамга 12-декабрда кол койду. Жаңы шайлоолор өтө турган күндү белгилөө үчүн Боршайкомго эки апта талап кылынды.

Мыйзамга ылайык, мэрлерди шаардык кеңештин депутаттары шайлашат.

Оштогу тиреш

Талапкерлерди премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ошондой эле шаардык кеңештеги фракциялар сунуштай алышат.

Оштун мэри Мелис Мырзакматов, кызматынан алынаарына аз калганда
Оштун мэри Мелис Мырзакматов, кызматынан алынаарына аз калганда

Азырынча Бишкек мэрлиги үчүн күрөш кандай болот анча түшүнүксүз болууда, бирок учурда шаардык кеңеште президенттик Социал-демократтар жана «Замандаш» партиясынан турган бекем башкаруучу коалиция бар, ошондуктан шайлоо маалында интрига деле болбойт болушу керек.

Ал эми Ош шаардык кеңешиндеги абал бир жактуу эмес. Анда Мырзакматовдун «Улуттар биримдиги» партиясы менен биргеликте көпчүлүк коалициясын түзүп турган «Замандаш» партиясы бир мандатынан ажыраган соң, 25-декабрда мурунку мэрдин партиясы  оппозициялык азчылыкта калган.

Анын ордуна келген депутат дароо эле атаандаш тарапка өтүп, депутаттардын саны боюнча Ош шаардык кеңешинде экинчи орунда турган КСДПнын беш париядан турган жаңы башкаруучу коалициясын түзүүсүнө мүмкүнчүлүк берди. Ага КСДП партиясынан сырткары «Республика», «Ата-Мекен», «Адилеттүү Кыргызстан» жана «Замандаш» партияларынын өкүлдөрү киришти.

Бирок бул коалиция да мурункусундай эле бир гана добуштук артыкчылыкка ээ, андыктан шайлоодо күтүлбөгөн окуялар болуп кетиши мүмкүн.

Автор: Камила Баймуратова