Депутаттар парламенттин «Кумтөр» боюнча жыйынында мушташып кетишти [+ видео]

Парламентте «Кумтөр» алтын кени боюнча жаңы макулдашууну талкуулоо мушташ менен башталды. Ал КСДПнын депутаты Мурадыл Мадеминов экономика министри доклад жасап жатканда Өмүрбек Текебаевдин тоскоолдук кылышына нааразычылыгын билдиргенден соң башталды.

Видео «Азаттык» радиосунуку:

Парламент депутаттары бүгүнкү пленардык жыйынга өкмөт тарабынан 23-декабрда алынып келинген «Кумтөр» алтын кенине ээлик кылуу боюнча жаңы макулдашууну кароо үчүн чогулушту.

Экономика министри Темир Сариев жаңы макулдашуу менен тааныштырып жатып «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев катуу күлүп, ага тоскоолдук кылып жатканын билдирди.

«Кумтөрдү» улутташтырууну колдогон Текебаев жооп катары ал өкмөт сунуштаган макулдашуунун вариантына «күлгөндүгүн жана мындан ары да күлө тургандыгын» айтты.

Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын (КСДП) депутаты Мадеминов «Ата-Мекен» партиясынын лидеринен министрдин докладын угууга тоскоолдук кылбоосун өтүндү, Текебаев жооп катары аны «кошоматчы» деп атады.

Мадеминов «Кумтөр» боюнча учурдагы макулдашууга кол коюлганда Текебаев парламент депутаты болуп турганын жана анын «пайдасыздыгы» үчүн өзү жоопкерчилик тартаарын билдирди.

Бул сөз Текебаевди кыжырдантып, ал ордунан туруп барып Мадеминовду көздөй басты. Өз кезегинде Мадеминов дагы ордунун туруп аны алдынан тосуп, экөөнүн ортосунда кыска убакытка созулган мушташ чыгып кетти.

Калган парламентарийлерге мушташып жаткандарды ажыратууга туура келди.

Kloop.kgнин окуяга күбө болгон кабарчысы Нуржамал Жаныбекова билдиргендей, мушташ эки мүнөткө жакын созулуп, андан соң депутаттар өз ордуларына отуруп докладчыны угуусун улантышкан.

50-50 vs. 67-33

Бүгүн депутаттар «Кумтөр» боюнча жаңы макулдашууну карап жатышат, ага ылайык, өкмөт менен канадалык «Центерра Голд» компаниясы биргелешкен жаңы ишкана түзүшөт.

Анда эки тарап тең акцияларга 50 пайыздан теңме-тең ээ болушат.

Бүгүнкү күндө ишканага кенди башкарып жаткан канадалык компания толугу менен ээлик кылат, бирок Кыргызстандын «Центерранын» акцияларында 33 пайыздык үлүшү бар жана эгер жаңы макулдашуу кабыл алынса өлкө ал үлүшүнөн баш тартат.

Буга чейин оппозиция өкмөт тарабынан сунушталып жаткан вариантка каршы болушаарын жана Кыргызстандын ишканадагы үлүшү 67 пайыз болушу керектигин талап кыла тургандыктарын бир нече жолу билдиришкен.

Бирок парламенттин бир катар депутаттары — көбүнчө оппозиялык «Ата-Журт» партиясынын өкүлдөрү — алтын өндүрүү компаниясынын толугу менен улутташтырылышын талап кылып жатышат.

Автор: Бектур Искендер