«Качкын» макамын алуунун көйгөйү көп

Кыргызстанга башпаанек издеп келгендердин башкы көйгөйү – «качкын» макамын алуу. Бул процедуранын ишке ашырылышы аз эмес убакытты талап кылат. «Качкын» макамы жоктор бир катар социалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн куру калышарын белгилейт. Кыргызстан качкындар боюнча Конвенцияны аткарууга милдеттеме алганы менен, бул жаатта иштеген министрлик жана башкармалык качкындар маселелерин коомчулукка жабык калтырууда. Кыргызстанга башпаанек издеп келгендерге Бириккен улуттар уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы (БУУ  КЖКБ) көмөк көрсөтөт.

 

Согуштан качып келгендер

Мохаммад Ахмед мындан бир нече жыл мурда согуш апаатынан үй-бүлөсүн сактап калуу максатында башпаана издеп Ооганстандан келген. Учурда жубайы жана 6 баласы болуп Ош шаарында жашашат.

“Ооганстандагы согушта менин туулуп өскөн турак-жайым кыйрап, жашоого мүмкүн болбой калды. Балдарымдын, үй-бүлөмдүн коопсуздугун ойлоп, ал жактан чыгып кетүүгө аргасыз болгонбуз. Алгач Тажикстанга, андан Кыргызстанга келгенбиз. Ал жактан 3 балам менен келсем, Кыргызстанда дагы 3 балалуу болдук”,- деди  Мохаммад.

Кыргыз тилин такыр билбегендиктен, алгач кыйын болгондугун айтат.  Анткен менен, балдары мектептерге барып, кыргызчаны өздөштүрүп, эми кыргыз жана орус тилдеринде сүйлөшөрүн, ооган тилин дээрлик унутуп баратышканын белгилейт.

Мохаммад Ошто соода күркөсүн иштетип үй-бүлөсүн багат. 2010-жылдагы июнь коогалаңында күркөсү талоонго алынган. Карыз-коола кылып, кайра түптөп, эмдигиче карызынан кутулуп жатканын айтат. Кыргызстандын жарандыгын ала элек болгондуктан, документ маселелеринде кыйынчылык жараларын белгилейт.

“Согуштан улам биздин документтерибиз жок болгон. Ошонун айынан бул жакта төрөлгөн балдарыбызга күбөлүк эмес, справка берилген. “Качкын” макамы берилбей жатат. Статус болсо, балдарым күбөлүк алышмак. Шаардык миграция баш тартканда, укук коргоочулар заявление жазып көрсөтүп беришкен. 3 жолу “качкын” макамын алууга документтерди тапшырдым. 2 жолу сотко катыштым, 3-сүндө сот Бишкекте өттү, мен бара албадым. Жогорку сот облустук соттун чечимин күчүндө калтырды”,- дейт Мохаммад.

 

Маморгандар качкындар жөнүндө маалыматты жашырат

Качкындар маселелери боюнча иштеген Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги маалыматка жабык. Эки жолу жөнөтүлгөн жарандык суроо-талапты  (запрос) жоопсуз калтырды. Ал эми “качкын” макамын берүүнүн шарттары жана кайрылгандардын маселелери боюнча Ош шаардык миграция жана жумуштуулук башкармалыгы маалымат берүүдөн баш тартты.

Бириккен улуттар уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссардын башкармалыгы маалымдагандай, ушул жылдын сентябрь айына Кыргызстанда 449 качкын, 126 башпаанек издеген, 13 680 жарандыгы жок адамдар катталган.

БУУнун КЖКБ качкындар боюнча алектенет
БУУнун КЖКБ качкындар боюнча алектенет

Өлкөдөгү качкындардын көбү – Ооганстандын жарандары.

«Ооганстан 32 жылдан бери качкындар көп кеткен дүйнөдөгү ири өлкө бойдон кала берүүдө. Орточо эсеп менен дүйнө жүзүндө ар бир төртүнчү качкын – Ооганстанда туулган. Кыргызстан да ошол тизмеде»,- деп билдирет БУУнун КЖКБ өкүлчүлүгү.

Ушул жылы 12 качкын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган. БУУнун КЖКБ өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен 1 ооган качкын өз ыктыяры менен Мекенине кеткен.

 

Укуктарын мыйзам коргойт

Кыргызстанда качкын деп таанылгандардын укук-милдеттери мыйзамда көрсөтүлгөн.

“Качкындар жөнүндө” КР мыйзамынын 13-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасындагы качкын деп таанылган адам Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандар пайдаланган укуктардан пайдаланат жана милдеттерди аткарат. Качкын статусун берүү жөнүндө расмий өтүнүч билдирген адам чет өлкөлүк жарандар менен бирдей укукка ээ”.

Ошол эле “Качкындар жөнүндө” мыйзамдын 13-беренесинде Кыргыз Республикасында качкын деп таануу жөнүндө расмий өтүнүч билдирген адам жана анын үй-бүлө мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк жарандардын келүүсү үчүн жабык болгон райондордон бөлөк жерлерде Кыргызстандын бардык аймагында ээн-эркин жүрүүгө; медициналык жардамдан пайдаланууга; чет мамлекетте жашаган жерине чыгып кетүүгө; сот коргоосу менен камсыз болууга; билим алууга укуктуу.

БУУнун КЖКБ өкүлчүлүгү  эгерде качкындар өздөрүнүн укуктары бузулду деп эсептесе, бардык иш-аракеттерди жасоо демилгесин өздөрү көтөрүшү керектигин эскертет: “Укуктары бузулса, алар жогору турган органдарга же прокуратура органдарына белгиленген тартипте арыз менен өз алдынча же адвокаттын жардамы менен кайрылышы зарыл”.

Ошондой эле качкындарга, баш калка издеген адамдарга жана жарандыгы жок адамдарга «Адилет укуктук клиникасы» бекер юридикалык кеңештерди берет жана адвокаттын кызматтарын көрсөтөт.

 

Өз болгусу келген өзгөлөр

Качкындардын айтымында, паспорту жок болгондуктан, кээде аларга милиция тарабынан ыдык көрсөтүлөт.

“Милиция кээде токтотуп,   “наркотик сатпайсыңбы”, “маӊзат чекпейсиңби” деп сурашат. Акча сураган учурлары да болот. Чөнтөгүмдө  жарым тыйын жок” деп көрсөтөм”,- дейт атын атабоону каалаган качкын. Айтымында, жергиликтүүлөр турмуш-тириликтен чыккан келишпестиктерде аларды моралдык жактан басмырлап, келген өлкөсүнө кайтуусун айтышат.

Анткен менен, согуш апаатынан башпаанек издеп келгендер келечегин  Кыргызстан менен байланыштырат.

“Балдарымы окутуп, бутуна тургузуп алсам дейм. Тун кызым кошумча курстарга барып жатат. Ушул жерде эле медицина тармагына окугусу келет. Ал эми Ооганстанга барсак, ал жакта үй-жайыбыз, оокат-мүлкүбүз согушта кыйрап жок болгон. Балдар да ушул жерде төрөлүп, ушул жердик болуп калышты”,- дейт Мохаммад Ахмад.

 

Серепчи менен маек

Клооп.кж сайтына «Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери» коомдук бирикмесинин качкындар боюнча адиси, юрист-адвокаты Алмаз Козубаев бир катар суроолорго жооп берди.

Алмаз Козубаев
Алмаз Козубаев

- Кыргызстан башпаанек сурап келгендердин баарын кабыл алууга милдеттүүбү? Кандай шарттарда өлкө качкындарды кабыл алуудан баш тартат? Саясий өңүттө баш тартуулар болобу?

- Кыргыз Республикасынын качкындар боюнча мыйзамынын негизинде качкын статусун алайын деген жарандар чек арада болобу, өлкө ичинде болобу, миграция министрлиги же башкармалыктарга арыз ташталат. Азыркы күндө Кыргызстанга келген качкындардан арыз алынып, тиешелүү документ тапшырып, алар жөнүндөгү маалыматтарды аныктоо тартиби жүрөт. 3 айдан 1 жылга чейин болушу мүмкүн.

Кыргызстан качкындар боюнча Конвенцияны аткарууга милдеттеме алган өлкө катары кайрылгандарды кабыл алууга милдеттенет. Баш тартып койгону – биздин жакынкы чек ара мамлекеттерге  - Өзбекстан, Кытайдан келгендерге отказ бергенде саясий чечим деп эле айтса болот. Себеби, мамлекет өзүнүн коопсуздугун, кийинки келечек коопсуздугун ойлоп, бербей жатат десек болот. Муну мыйзамдарда, ошол Конвенцияда деле качкын статусун бербөөгө беренелер бар. Ал жерде мамлекетке келген адам өзү кооптуулук туудурса, ошол убакта гана баш тартууга болот.

-Азыркы келип жаткан качкындардын негизги себептери эмне экен?

- Азыркы практика көргөзүп жаткандай, качкындардын көбү куугунтуктан эмес, өзүнүн мамлекетинде экономикалык кризистен, жумушсуздуктан да келип тапшыргандар бар. Ал жактан жумуш таппай, өзүн өзү багууга каражаты жок, бул жакка отурукташып калсам дегендер да бар. Алардын арызы кабыл алынгандан кийин текшерүү, аныктоо тартиби жүрөт. Ал качкын деп эсептелбесе, макам ала албайт. Ал чет элдик жаран катары ишке уруксат алып, жашаса болот. Же башка мамлекетке кайтып кетиши керек.

-  «Качкын» макамын ала албагандардын тагдыры эмне болот?

- Эгерде качкын статусун албагандар мамлекеттик органдардан отказ болсо, ал өзүнүн качкын экенин белгилеп, кабыл албай койду десе, сотко кайрылып, ошол органдын чечимин жокко чыгаруу боюнча кайрылса болот. Эгер кайрылган жаран чет элдик жаран катары убактылуу же туруктуу жашагандыгы тууралуу документ албаса, чет элдик жарандардын Кыргызстандагы болуу тартиби боюнча мыйзамды аткарбаган болсо, ал өз өлкөсүнө же башка өлкөлөргө кайтарылат.

- Качкындар кайсы социалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалана алышууда?

- Алгач эле кайрылганда, арыз карап жаткан учурда мамлекет тарабынан мөөнөтү коюлуп, камсыздандыруу полиси берилет. Ошонун негизинде алар өздөрү жашаган аймактагы бейтапканадан биринчи медициналык жардамды ала алышат. Качкын статусун ала электер жумуш кылганга укугу жок. Алар башка мыйзамдын негизинде уруксат алып гана иштей алат. Бирок, бизге качкын статусун сурап келгендер көбүнчө колунда жоктор. Алар мыйзамдуу документтерди алууга көбүнүн акыбалы жок.

- Жергиликтүүлөрдүн качкындарды кодулоосу, батырбоосу эмнеден келип чыгат? Аны кантип азайтууга болот?

- Качкындар менен иштеп көрбөгөн биздин айрым жарандардын оюна алгач эле бул өз жеринде кылмыш кылып, мында качып келди жаман ойду ойлошу мүмкүн. Эгер ал чыныгы качкын болсо, өз мамлекетинен бекеринен эле качпайт. Ал өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч жаралган үчүн качкан адамдар. Аларды дискриминация кылбаш керек, алардын да адам катары укуктары бекитилген. Кодулоо түшүнбөстүктөн болот.

 

Суроо-сопкут: коомчулук пикири

Сырттан башпаанек издеп келген жарандарга Кыргызстан качкын макамын берүүсүнө мекендештердин пикирлери ар түрдүү.

- Мирлан Жусупов, Орусияда жашаган кыргызстандык:

- «Ач кадырын ток билбейт» дейт го. Өлкөдөн сыртка чыгып, ар кандай кыйынчылыкка кабылгандар качкындар маселесин жакшыраак түшүнүшөт. Кыргызстанга баш калка сурап келгендер үй-бүлөсүн, жакындарын сактап калуу максатында келишти да. Аларга качкын макамын, же жарандык берүүнү туура деп түшүнөм. Бир катар органдар бар, ошол процесстердин мыйзамдуулугун көзөмөлдөй турган.

Бирок, качкын статусун алуунун түйшүгүн да түшүнөм. Маселен, Россия жарандыгын алган биз сыяктуу кыргызстандыктар өз өлкөбүзгө барып, айрым бир иштер менен кайрылганыбызда, мамлекеттик органдардын бюрократтык мамилесине туш болобуз. Кыргыз болуп туруп, ушундай болгондон кийин, башкаларга болгон мамиле жөнүндө айта албайм.

Маселен, Англия Падышалыгына деңиз жана кургак менен болсун качып кирип, эптеп айласын таап жарандык алууну каалагандар көп. Алар алгач атайын лагерлерге жайгаштырылат. Англия ошол башпаанек издеп келген адамдарды кабыл алуу керек деп баалайт.

Данияр Рыскулов, Бишкек шаарынын тургуну:

- Кыргыздын деле миңдеген жарандары чет жерлерде мигрант болуп жүрөт. Ал эми качкындардын башында оор,  түйүктүү жашоо турган маалда биздин мамлекет кучагына алганы оң. Качкындардын убактылуу баш калкалоосуна мен каршы болбойт элем. Ошондой эле согуш деле түбөлүктүү эмес. Ким болбосун кыйынчылык башка түшкөндө колдоо көрсөтүү - бул адамдыктын белгиси болсо керек.

Роза Туманова, Ош облусунун тургуну:

- Эгер качкындар биздин өлкөнүн мыйзамын сактаса жана сыйласа, анда мамлекет убактылуу өз карамагына алганын туура эле көрөм. Анткен менен, азыр сырттан келгендерге кылдат караган туура. Ар кандай диний агымдар жайылып жатат, ошол сырттан келгендердин терс таасири тийбеши керек.

Маматемин Сапарбаев, пенсионер:

- Жыргаганынан качкын болуп келбейт. Канчалаган адамдар согуштан башка жакка башкалка издеп чыга албай жүрүшөт. Алардын мекенинде тынчтык болмоюнча биздин өлкөдө жашап турса болот. Анан кайра өз мекенине кайра кетишсе керек. Бардык эле адам киндик кан тамган жерине кайтып барса керек.

Динара Асанбекова, ОшМУнун студенти:

- Кээ бир адамдар өнүккөн өлкөлөргө барып, отурукташып калуу максатында качкын статусун сурашат. Алардын башкы эле максаты -  өнүккөн өлкөнүн жарандыгын алуу, келечекте бала-чакасына жакшы перспектива түзүп берүү. Биздин Кыргызстандан деле этникалык жактан куугунтук көрүп жатам деп Канада ж.б. өлкөлөрдөн башпаанек сурагандарды угуп калабыз. Бул - шылуундук.  Ал эми биздин өлкөдөн башпаанек сурагандарды түшүнсө болот. Алардын бул акыркы айлалары болсо керек.

Гүлзат Газиева, Ош шаары

Материал “Кабар Ордо” долбоорунун алкагында даярдалды