Кыргызстан: 2013-жыл кандай болду?

2013-жыл Кыргызстандын тарыхы боюнча окуу китептеринде кандай из калтырат? Өтүп бара жаткан жылы маанилүү кандай окуялар болду? Kloop.kgнин редакциясы жыл жыйынтыгын чыгарат (сүрөттөр жана шилтемелер менен).

Ардактуу окурмандар! 2013-жыл эмнеси менен эсиңиздерде калды? Төмөнкү жактагы пикир калтыруу бөлүмү аркылуу үстүбүздөгү жылдагы таасирлер менен бөлүшүңүздөр.

«Кумтөрдүн» айланасындагы талаш-тартыштар

Жылдын башкы саясий окуясы — «Кумтөр» алтын кени кимге жана канчалык үлүштө тиешелүү болушу керек деген маселенин айланасындагы бийлик менен оппозициясынын ортосунда болгон талаш-тартыштар.

«Кумтөрдүн» айланасындагы ызы-чуулар өткөн жылы эле башталган, бирок 2013-жылы алар агрессивдүүрөөк мүнөзгө ээ болду окшойт.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы демонстранттар май айынын аягында кенди электр жарыгы менен камсыз кылып турган  подстанцияны басып алышты.

««Кумтөр» кенинин жанындагы митинг, 30-май 2013-жыл. Автору: Азамат Айтбаев
««Кумтөр» кенинин жанындагы митинг, 30-май 2013-жыл. Автору: Азамат Айтбаев

Алар электр жарыгын өчүрүү менен «Кумтөрдүн» улутташтырылышын гана эмес кендин кирешесинен облуска бөлүнчү каражаттын көбөйтүлүшүн да талап кылышты.

Анда митингдин катышуучулары милиция тарабынан куулуп таратылганы менен ал окуя Кыргызстандагы абалга көпкө чейин өз таасирин тийгизип турду.

Биринчиден, ал ошондой эле митингдердин июндун башында Жалал-Абадда өтүшүнө себеп болду. Андагы нааразычылык акциясынын катышуучулары жыйынтыгында жергиликтүү администрация имаратын басып алышып, аны бир нече сутка кармап турушкан.

Демонстранттар УКМКнын Жалал-Абаддагы Демонстранттар УКМКнын Жалал-Абаддагы бөлүмүнүн имаратынын жанында митинг өткөрүп жатышат, 2-июнь 2013-жыл. Автору: Евгений Погребняк
Демонстранттар УКМКнын Жалал-Абаддагы Демонстранттар УКМКнын Жалал-Абаддагы бөлүмүнүн имаратынын жанында митинг өткөрүп жатышат, 2-июнь 2013-жыл. Автору: Евгений Погребняк

Экинчиден, дагы ошондой митингдерди өткөрө тургандыктары менен коркутушуп, Жети-Өгүздөгү нааразычылык акциясынын эки лидери «Кумтөрдөн» акча талап кылуусуна алып келген. Алардын компания өкүлү менен болгон маеги жашыруун камерага тартылып алынып, жыйынтыгында экөө тең камакка алынган.

Ал ортодо өкмөт «Кумтөрдү» башкаруудагы Кыргызстандын орду жана андагы үлүшү тууралуу өзүнүн жаңы вариантын сунуштады — анда «Кумтөргө» толугу менен ээлик кылган канадалык «Центерра Голд» компаниясындагы акциялардын 33 пайызынын ордуна өлкө акциялардын 50 пайызына ээ боло тургандай  биргелешкен жаңы ишкана түзүү сунушталган.

Бирок бул оппозицияга жакпай, октябрда парламент депутаттары Кыргызстандын үлүшү 67 пайызга чейин көбөйүшү керек деп өкмөт тарабынын сунушталган макулдашуунун вариантын кабыл алуудан баш тартышкан.

Бирок декабрда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 67 пайыз алуу мүмкүн эмес экендигин айтып, эл аралык соттук териштирүүлөрдөн качып кутулуу үчүн өкмөт менен «Центерра» башкаруудагы теңме-тең үлүштөр тууралуу макулдашууга келгендиктерин билдирген.

«Ата-журтчулардын» соту

2012-жылы «Кумтөрдү» улутташтыруу талабы менен өткөн митингден кийин кармалган оппозициялык «Ата-Журт» партиясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдордун иши 2013-жылы соттун үч баскычынан тең өттү. Анда аларга карата түрдүү жана бири-бирине каршы өкүмдөр чыгарылды.

Бийликти басып алуу аракети иши боюнча отурум 2013-жылдын январында Бишкектин Биринчи май райондук сотунда башталды. Ал кезге чейин депутаттар дээрлик эки ай камакта болуп, алардын сот залында пайда болушу журналисттердин өзгөчө көңүл буруусун жараткан.

Солдон оңго: Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов, Биринчи май райондук сотунда, 10-январь 2013-жыл. Автору: Зарема Султанбекова
Солдон оңго: Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов, Биринчи май райондук сотунда, 10-январь 2013-жыл. Автору: Зарема Султанбекова

Биринчи май райондук соту марттын аягында – көпкө созулган угуулардан, күбөлөрдүн жана тараптардын жарыш сөзүнөн кийин Ташиев менен Жапаровду жарым жылга, а Мамытовду бир жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Бирок июнда Бишкек шаардык соту күтүүсүздөн үч депутатка карата актоо өкүмүн чыгарды. Жыйынтыгында, ал чечимди чыгарган судьяларга басым жасалып, алардын үйлөрүнүн алдына кордоо граффитилери тартылган.

Бирок августта Жогорку сот шаардык соттун ал чечимин жокко чыгарды (чынын айтыш керек Ташиев менен Жапаровдун бир айлык мөөнөтүн кемитүү менен). Ошентсе да депутаттар камалышкан жок — алар жаза мөөнөттөрүн тергөө абагында отурган убакытта өтөп бүтүп коюшкан. Бирок алардын үчөөн тең депутаттык мандаттарынан ажыратууга шылтоо табылып, алар мандаттарынан ажыратылышкан.

«Коррупционерлерге» каршы кылмыш иштеринин козголушу

Укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү кызматтары түрдүү баскычтагы — райондук масштабдагы салыкчылардан баштап депутаттарга чейинки чиновниктерди коррупция үчүн кармап, 2013-жылы өзгөчө жигердүү иш алып барышты.

Жылдын эң чуулгандуусу — депутат Акматбек Келдибековдун камакка алынышы. Ал социалдык фондду жана салык кызматын башкарып турганда ири каржылык алдамчылыктарга барган деген шек менен ноябрда кармалган.

Келдибековдун камалышы Ошто ири митингдердин башталышына алып келген. 2-декабрь, 2013-жыл. Автору: Роман Базаров
Келдибековдун камалышы Ошто ири митингдердин башталышына алып келген. 2-декабрь, 2013-жыл. Автору: Роман Базаров

Сынчылар коррупция боюнча оппозициялык саясатчылар гана кармалып, куугунтукталып жатат деп бийликти жемелешкен. Буга жооп катары декабрдын башында президент Атамбаевдин жакын санаалаштарынын катарына кирген саясатчы, Бишкектин мэри Иса Өмүркуловго каршы кылмыш иши козголгон.

Америкалык учак кулап түштү

Американын KC-135 майкуйгуч учагы 3-май күнү, Жүк ташуу борбору жайгашкан «Манас» аэропортунан учуп чыккандан көп өтпөй эле Кыргызстандын түндүгүндө жерге кулап түшкөн.

Мындай үлгүдөгү майкуйгуч учактардын катышуусундагы кырсыктар — өтө сейрек кездешүүчү көрүнүш, ошондуктан америкалык аскер-аба күчтөрү учкучтар учактан секирип түшө албай калгандыктарына көп деле убайым тартышкан эмес.

Качан учакта көйгөй пайда болгондо үч кишиден турган экипаж эч нерсе кыла алган эмес. Күбөлөрдүн айтымдарында, майкуйгуч учак жерге түшө электе, асманда эле жарылган. Алардын бул айткандары учактын сыныктарынын чоң аянтка чачырап кеткендиги менен да кыйыр түрүндө ырасталган.

Милиционер Милиционер жаңы гана кулап түшкөн учактын канатын кайтарып турат, 3-май 2013-жыл. Автору: Эльдияр Арыкбаев
Милиционер Милиционер жаңы гана кулап түшкөн учактын канатын кайтарып турат, 3-май 2013-жыл. Автору: Эльдияр Арыкбаев

Экипаж мүчөлөрүнүн денелерин бир нече күн издеп, таба алышкан эмес. Ал кырсыктан улам учкучтардын бири дагы аман калган эмес.

Футбол: Эркектер рейтингде эң чоң секирик жасашты, кыз-келиндер узакка созулган тыныгуудан кийин эл аралык аренага кайтып келишти

2013-жыл футбол боюнча эркектер курамасынын тарыхындагы эң ийгиликтүү жылдардын бири болду.

Команда Азия футбол Конфедерациясынын (АФКнын) Чакыруу кубогунун тандап алуу бөлүгүндөгү үч беттешинде тең жеңишке жетип, ФИФАнын рейтингинде болуп көрбөгөндөй секирик жасоо менен бирге өз тарыхында биринчи жолу футбол боюнча Азия биринчилигине өтө жакындады — ал үчүн команда 2014-жылдын май айында Мальдив аралдарында өтө турган Чакыруу кубогунун финалдык бөлүгүндө жеңишке жетүүсү керек.

Кураманын ийгиликтеринин жеткен чеги Чакыруу кубогунун 21-мартта, Бишкек шаарында өткөн тандап алуу бөлүгүнүн жыйынтыктоочу беттеши болуп калды.

Анда биздин футболчулардын атаандашы Тажикстан курамасы болгон, ал команда ФИФАнын рейтинги боюнча алдыда болуп, Кыргызстан курамасынан бардык жагынан бир топ күчтүү команда болуп эсептелет. Бирок рейтингдеги айырмачылыктарга карабастан Өмүрзаков атындагы стадионго (мурунку «Спартак» стадиону) чогулган күйөрмандарынын көзүнчө  кыргызстандык оюнчулар анда 1:0 эсебинде жеңишке жете алышкан.

Мелдештин тандап алуу бөлүгүндөгү үч топту тең анда Ганада туулган Дэвид Тетте киргизген, ал Кыргызстандын жарандыгын алгандан соң беш жылдан кийин гана өлкө курамасы үчүн ойноо укугуна ээ болгон.

IMG_0135
Дэвид Тетте (25-номур) өз жашоосунда Кыргызстан курамасы үчүн киргизген алгачкы тобуна сүйүнүп жатат, 17-март 2013-жыл. Автору: Гүлжан Турдубаева

Ошондой эле өлкөнүн эркектер курамасы 2013-жылы өз тарыхында биринчи жолу европалык командага каршы оюнунда жеңилүү ызаасын тарткан жок — июнда Сергей Дворянковдун командасы Эстония курамасына каршы конокто жолдоштук беттеш өткөрүшүп, тарыхый тең чыгуу эсебине жетише алды.

Эгер өтүп бара жаткан жылы эркектер курамасы өз деңгээли үчүн баш айланткан ийгиликтерге жетишкен болсо, кыз-келиндер командасы Азия биринчилигинин тандап алуу бөлүгүндөгү үч беттешинде тең жеңилүү ызасын тартышты.

Атаандаштарынын күчтүүрөөк болгонуна карабастан Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы тандап алуу бөлүгүндө эки гол киргизе алышты. Сүрөттө команда Бахрейн курамасынын дарбазасына киргизген тобу үчүн сүйүнүп жатат. 26-май 2013-жыл. Автору: Гүлжан Турдубаева
Атаандаштарынын күчтүүрөөк болгонуна карабастан Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы тандап алуу бөлүгүндө эки гол киргизе алышты. Сүрөттө команда Бахрейн курамасынын дарбазасына киргизген тобу үчүн сүйүнүп жатат. 26-май 2013-жыл. Автору: Гүлжан Турдубаева

Ырас, кураманын ал оюндарга баргандыгы чоң жетишкендик болду, анткени өлкөнүн кыз-келиндер курамасы буга чейин төрт жыл катары менен бир дагы беттеш өткөргөн эмес.

Эгер кураманын Гонконг командасына каршы беттеши оюнчулар үчүн аз да болсо үмүт берсе (анда Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курамасы беттештин аяктаарына үч гана мүнөт калганда жеңишти колдон чыгарып жиберишкен болчу), Вьетнам курамасына 0:12 эсебинде утулушу кыргыз футболчу кыздарынын болгон үмүтүн биротоло өлтүрүп койду.

Анклавдар айланасындагы жаңжалдар

2013-жыл Сох өзбек анклавынын чегиндеги жаңжал менен башталды — январь айында жергиликтүү Хушъяр айылынын жашоочулары курулуш иштерин аткарып жаткан кыргыз чек арачылары менен мушташып кетишкен.

Андагы абал курчуп, Хушъярдын жашоочулары Сох аркылуу Баткен облусунун батыш бөлүгүнө өтүп бара жатышкан кыргызстандыктардын тобун барымтага алып алышкан.

Анда Сох анклавы аркылуу өтчү жол дээрлик бир айга жакын жабык болгон. Автору: Гүлжан Турдубаева
Анда Сох анклавы аркылуу өтчү жол дээрлик бир айга жакын жабык болгон. Автору: Гүлжан Турдубаева

Сүйлөшүүлөрдүн жана Кыргызстан менен Өзбекстандын укук коргоо органдарынын биргелешкен аракеттеринин жыйынтыгында барымтага алынгандар бошотулган, бирок андан кийин, 2013-жылдын ичинде өлкөнүн түштүк чек арасындагы абал тынчыбай, бир нече жолу жаңжал чыккан.

Андагы негизги кыйынчылыктардын көбү Кыргызстандын түштүгүндөгү маанилүү болгон унаа жолдордун Сох өзбек анклавы же Ворух тажик эксклавы аркылуу өтүшүнөн улам келип чыгууда.

2013-жылы бийликтегилер Кыргызстандын жарандары өз өлкөсүнүн ичинде жүрүп эле чек ара аркылуу өтүп кыйналбасын деп, жогорудагы анклавдарды айланып өтчү жолдорду оңдоп, курулуш иштерин баштады.

Кыргыз киносунун жаңы масштабы

«Салам, Нью-Йорк» Кыргызстанда талашсыз жылдын кинохити болду. Сынчылар тасманын сюжетине карата кандай гана сындарды айтышпасын буга чейин ата-мекендик киноматография мындай масштабдарды көргөн эмес.

Тасманын негизги бөлүгү Нью-Йоркто тартылган. Анын сюжетине ылайык, тасманын башкы каарманы — кыргызстандык  айылдык бала — Колумбия университетинде юристтикке окуйт.

Тасманын Нью-Йоркто тартылышы.
Тасманын Нью-Йоркто тартылышы.

Өз кыялына жетүү жана жер шарынын башка бир бөлүгүндө жүрүп туулган жерге болгон сагынууну чагылдырган тасма кыргызстандыктардын көбүнө бир башкача таасир калтырды — кинотасма жаз айларындагы премьерасынан кийин бир нече апта катары менен зал толтура көрүүчүлөрдү чогултту жана анын режиссёру Руслан Акундун айтымында, тасма өзүн бир нече эсеге актаган.

«Кыргызгаз» бир долларга сатылды

Коомчулукта кызуу талаш-тартыш жараткан чечим — «Кыргызгаздын»  «Газпромго» 1 АКШ долларына сатылышы болду. Ырас, бирок орусиялык алп компаниянын бардык карыздарынан кутулуп, өлкөнү көгүлтүр от менен камсыз кылууну кыйла жакшыртуу убадасын берүүдө.

Мамлекеттик компаниянын сатылышын колдогондор «Газпром» өлкөнүн элин сапаттуу көгүлтүр от менен камсыз кылат жана ал бул жумушун жакшыраак аткарат деп эсептеп жатышат.

Ал эми каршы болуп жаткандар Кыргызстан өзүнүн энергетикалык көз карандуулугун жоготууга дагы бир кадам таштагандыгын белгилеп жатышат.

Жол тосуу нааразычылык билдирүүнүн ыкмасы катары

Кыргызстанда өлкөнүн маанилүү унаа жолдору 2013-жылдагыдай эч качан көп тосулбаса керек.

Быйыл жолдорду тосууну «Кумтөрдүн» улутташтырылышын жана камакка алынган «ата-журтчулардын» бошотулушун талап кылган жалал-абаддык митингчилер баштады. Июнда алар өлкө үчүн эң маанилүү болгон Бишкек-Ош унаа жолун бууп алышкан, анын натыйжасында көптөгөн чакырымдарга созулган унаа тыгындары пайда болгон.

Жалал-Абаддык митингчилер Бишкек-Ош унаа жолун бууп турушат. 3-июнь 2013-жыл. Автору: Евгений Погребняк
Жалал-Абаддык митингчилер Бишкек-Ош унаа жолун бууп турушат. 3-июнь 2013-жыл. Автору: Евгений Погребняк

Аларды көрүп «Кумтөрдүн» улутташтырылышын талап кылып жаткан Ысык-Көл облусунун Саруу айылынын жашоочулары да жол тосууга барышкан. Алар жыл ичинде айылын аралап өткөн Каракол-Балыкчы унаа жолун байма-бай тосуп турушту.

Акырында депутат Акматбек Кедибековдун тарапташтары ноябрда Ош-Эркештам унаа жолун бир нече күнгө бууп турушту.

Ош-Эркештам унаа жолунун тосулушу. Ноябрь, 2013-жыл. Автору: Тойчубек Артык уулу
Ош-Эркештам унаа жолунун тосулушу. Ноябрь, 2013-жыл. Автору: Тойчубек Артык уулу

Мырзакматов кайрадан оппозицияда

Кайсы бир убактарда Оштун мэри Мелис Мырзакматов Бишкектеги борбордук бийлик менен иштешүүнүн жолун тапкансыган. Ошондой эле анын «Улуттар биримдиги» партиясы 2012-жылдагы жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодон кийин Ош шаардык кеңешинде көпчүлүк коалицияны түзүүгө жетишкен жана Мырзакматовдун кайрадан мэр болуп шайланышы формалдуулук катары гана сезилген болчу…

Бирок жаңы мэрди шайлоо Бишкек жана Ош шаарларынын макамдары жөнүндөгү мыйзамдын көпкө каралгандыгынан улам создуктурулуп келген.

Президент Атамбаев ал мыйзамга 2013-жылдын аягында — Ош шаардык кеңеши шайлангандан бир жарым  жыл өткөндөн кийин гана кол койду. Бул мезгилдин аралыгында Мырзакматов мэрдин «милдетин аткаруучу» болуп иштеп келди.

Мырзакматовдун Ош шаарынын мэринин иш бөлмөсүндө тартылган акыркы сүрөттөрүнүн бири. Сүрөт Ош мэриясынын басма сөз кызматыныкы
Мырзакматовдун Ош шаарынын мэринин иш бөлмөсүндө тартылган акыркы сүрөттөрүнүн бири. Сүрөт Ош мэриясынын басма сөз кызматыныкы

Оштун мэри шаардын жашоочуларына жагууга өтө аракет кылып, шаар борборундагы унаа тыгынын азайтышы керек болгон асма көпүрөнүн курулушун да баштаган.

Оштун борборундагы асма көпүрөнүн курулушунун башталышы. 25-сентябрь, 2013-жыл. Автору: Камила Кожокматова
Оштун борборундагы асма көпүрөнүн курулушунун башталышы. 25-сентябрь, 2013-жыл. Автору: Камила Кожокматова

Качан декабрдын башында борбордук бийлик Мырзакматовду кызматынан бошоткондо анын тарапташтары жооп катары нааразычылык акцияларын өткөрүп, Интернет, ал эмес жергиликтүү телеканалдын жүгүртмө сабы аркылуу коптөгөн колдоо сөздөрүн билдиришти.

Ош шаардык кеңеши мэрди 2014-жылдын январында шайлашы мүмкүн. Бирок азыр «Улуттар биримдигинин» позициясы анча бекем эмес болуп чыкты.

Мырзакматовдун партиясы Бишкек тараптан кысымдар болуп жатканын, бийликтегилер ал аракеттери менен түштүк борбордун башчылыгына өз кишисин алып келүүгө аракет кылып жаткандыктары тууралуу ноябрда биринчи жолу ачык билдирип чыкты. 25-декабрда КСДП Ош шаардык кеңеште Улуттар биримдигин азчылыкта калтырып жаңы башкаруучу коалицияны түздү.

Мелис-байке

РСК банктын кызматкери Назгүл Чодронова милициянын куугунунан кийин Жол кайгуул кызматынын тескөөчүлөрүн «Мелис-байкеси» менен коркутуп, күтүүсүздөн жылдын Интернет-мемин жаратты.

Бул албетте белгилүү бир деңгээлде окуянын чечилишине өз таасирин тийгизди — милиционерлер анын унаасынын номурун чечип алышкан, бирок кийинки эле күнү жогорку жактын көрсөтмөсү менен кайрадан кайтарып берүүгө мажбур болушкан.

Назгүл Чодронованын тескөөчүлөр менен жолуккан учуру. Июль, 2013-жыл. Видеотасмадан алынган кадр.
Назгүл Чодронованын тескөөчүлөр менен жолуккан учуру. Июль, 2013-жыл. Видеотасмадан алынган кадр.

Эгер Чодронованын артынан болгон куугун жана анын андан кийинки тескөөчүлөр менен териштирүүлөрү видеокамерага тартылып алынбаганда окуя белгисиз бойдон калмак.

Сентябрда видео интернетке чыгып бир апта бою эң көп талкууга алынган окуя болуп калды, а Чодронова болсо ашыкча көңүл буруудан качып кутулуу үчүн өзүнүн «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү эккаунтун өчүрүп салды, бирок ошентсе да көптөгөн фото-монтаждардын каарманы болуп калды.

Ал эми милиция кызматкерлеринин бирин жумуштан кетирип, Чодроновага 1000 сомдук айып пул жазып берүүгө аргасыз болду. Өз кезегинде укук коргоо органдарынын бул аракети кыргызстандыктардын жаңы нааразычылыктарын жараткан.

Ylvis кыргызча сөгүндү

Норвегиялык бир туугандар Борд жана Вегард Ильвисокерлердин дуэти «Жаным» деген ырын 2012-жылы эле жаздырып, ага Кыргызстанда клип тарттырышкан.

Ylvis тобу кокустан тандалган экзотикалык өлкөдө популярдуу болуп, эксперимент жасап көргүсү келген. Ошентсе да алардын өлкөдө популярдуу болуп кетүүсүнө тарткан клиби жардам бере алган жок, бирок алардын 2013-жылдын майында норвегиялык телеканал аркылуу чуулуу (кыргызстандыктар үчүн) ырдашы күтүүсүздөн жардам берип, алар Кыргызстанда аз да болсо белгилүүлүккө жете алышкан.

Анда алар «Жаным» деген ырын ырдап жатып күтүүсүздөн эле кыргызча сөгүнүп башташкан! Бул Кыргызстандын интернет колдонуучуларынын арасында көптөгөн талкууларды жараткан.

Бир тууган Ильвисокерлер кыргызча сөгүнүп жатышат. 2-май, 2013-жыл. Видеодогу кадр
Бир тууган Ильвисокерлер кыргызча сөгүнүп жатышат. 2-май, 2013-жыл. Видеодогу кадр

Колдонуучулардын бир катары аларды кыргызстандыктарды кемсинтти деп айыпташса, башкалары норвегиялыктардын ал кылгандарына юмор менен карап, өлкөнүн атагын чыгарып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирүүгө чакырышкан.

Ylvis тобундагылар болсо эч кимди таарынткылары келбегендигин билдиришкен. Вегард Ильвисокер норвегиялык телепродюсерлердин үстүнөн күлүп, аларды шылдың кылуу үчүн сөгүнгөндүктөрүн жана эгер кайсы бир башка өлкөдө норвегия тилинде сөгүнүшсө ал «боору эзилгенче күлмөктүгүн» айткан.

Кыргызстандагы ызы-чуудан төрт ай өткөн соң Ylvis тобу өзүнүн «The Fox» деген ырына кезектеги сатиралык  клибин тартып, ал аркылуу бүткүл дүйнөгө белгилүү болуп калды. Топтун Youtube сервисиндеги расмий каналына жүктөлгөн ал клиби 2013-жылда Интернеттеги эң популярдуу видео деп табылган.

Шайлоосуз жана өкмөт алмашпаган жыл

Кыргызстанда 2006-жылдан бери биринчи жолу жыл ичинде масштабдуу шайлоолор болгон жок. Ошондой эле өкмөт дагы өз курамын дээрлик өзгөртөстөн бир календарлык жыл иштей алды — бул дагы биздин өлкө үчүн сейрек кездешүүчү көрүнүш.

Алмазбек Атамбаев жыйынтыктоочу маалымат жыйында. 16-декабрь, 2013-жыл. Сүрөт президенттин басма сөз кызматыныкы
Алмазбек Атамбаев жыйынтыктоочу маалымат жыйында. 16-декабрь, 2013-жыл. Сүрөт президенттин басма сөз кызматыныкы

Бир жагынан, 2013-жылы өлкөдө туруктуу саясий жашоо болгондугу байкалды. Экинчи жагынан, бийлик оппоненттери премьер-министр, парламент төрагасы сыяктуу бардык негизги орундарды президентке лоялдуу адамдар ээлеп тургандыгын билдиришип, өлкөдө саясий сенектик жаралышы ыктымалдыгынан кооптонушту (өзгөчө оппозицияга карата коррупцияга каршы куугунтуктоолорду эске алганда).

Президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн жыл жыйынтыгы боюнча өткөргөн басма сөз жыйынында өзү негиздеген социал-демократиялык партияны «президенттик» деп атап, ошондой эле анын парламентте аз орунга ээ болуп калганына өкүнүп жатканын, болбосо өлкөнү «тез эле тартипке алып келмектигин» айтып, чыракка май тамызгандай болду.

Автор: Бектур Искендер