Кыргызстандык жаш сүрөтчү Шабданбектин эмгеги дүйнөлүк мыктылардын катарына кирди

Шабданбек Тагаев Токмок шаарынын 12 жашар тургуну. Үч жашынан сүрөт тартуу менен алектене баштаган. Анын эмгеги Токиодо болуп өткөн 7-15 жаштагы жеткинчектердин 14-Жаратылышты коргоо боюнча эл аралык сүрөт сынагында мыкты 50гө кирип, сыйлуу орунга татыды.

Shabdanbek_Kloop (5)
Шабданбекке сынакка катышуу боюнча алгач Токмок шаарындагы "Балдардын жана өспүрүмдөрдүн чыгармачылык борборунда" эмгектенген эжейи сунуш киргизген. (Солдон оңго: Борбордун директору, сүрөт сабагынан агайы жана Шабданбек)

Shabdanbek_Kloop (4)
Сынакка Шабданбек алты сүрөтүн жиберген. Алты ай убактан кийин сынак жыйынтыкталып, Шабданбектин бул эмгеги Токиодо мыкты деп бааланган. "Бизге жаныбарлар туурасында сүрөт тартышыбыз керектигин айтышкан. Ошондуктан мен жолборсту тартып жибердим. Кыйынчылыктар болгон жок",-деп бөлүштү Шабданбек.

Shabdanbek_Kloop (6)
Аталган эл аралык сынакты 1999-жылдан бери ЮНИСЕФтин Токиодогу өкүлчүлүгү колдоого алып өткөрүп келүүдө. Анын максаты - өспүрүмдөргө глобалдык айлана-чөйрө жөнүндө ойлонуусуна мүмкүнчүлүк түзүү жана айлана-чөйрөнү коргоо иш-чарасын балдардын сүрөттөрү аркылуу жайылтуу. Дүйнөлүк деңгээлдеги бул сынакка Шабданбек ушул бөлмөдө сүрөттөрүн тарткан.

Shabdanbek_Kloop (7)
Сынактын расмий барагында айтылгандай, быйыл 77 өлкөдөн 16 миңден ашуун эмгек кабыл алынган. Жеңүүчүлөргө сертификаттар, өздөрүнүн жеңишке жеткен сүрөттөрү түшүрүлгөн календар жана башка белек-бечкектер берилген.

Shabdanbek_Kloop (2)
Шабданбек буга чейин ар кандай сүрөт сынактарга катышып алдыңды орундарды багындырган.

Shabdanbek_Kloop (3)
"Сүрөт тартууга 1-класстан баштап катуу кириштим",-дейт Шабданбек.