27-декабрга караган түнү Кыргызстандагы эң таасирдүү укук коргоо уюмдарынын бири болгон «Бир дүйнөнүн» кеңсеси тонолду. Уюмдун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова муну профессионалдык ишмердүүлүк менен байланыштырып жатат.
«Бир дүйнөнүн» кеңсеси 27-декабрга караган түнү тонолду — кылмышкерлер уюмдун көптөгөн изилдөөлөрүнүн корутундулары сакталган 5 компьютерди алып кетишкен.
Алардын ичинде 2010-жылы өлкөнүн түштүгүндөгү кыргыздар менен өзбектер ортосундагы улуттар аралык жаңжалда каза болгондор боюнча материалдар, ошондой эле Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу жана «Кумтөр» кени боюнча изилдөөлөр сакталып турган.
«Ал маалыматтарды алып кеткендиктери өтө өкүнүчтүү. Бирок бизде альтернативалар сакталып калган», — деди «Бир дүйнөнүн» директору Төлөйкан Исмаилова Kloop.kgге берген маегинде.
Ал тоноонун профессионалдык ишмердүүлүгүнө байланыштуу экендигине жана ага бийлик өкүлдөрүнүн тиешеси болушу ыктымалдыгына ишенет.
«Уюмдун жетекчиси катары менде үч версия бар. Бирок эң башкы божомолум — бул ошол эле Аскаров [соттолгон укук коргоочу Азимжан Аскаров], 7-апрелде [2010-жылдагы революция маалында] каза болгондор боюнча бизге оппонент болуп эсептелген бийлик өкүлдөрү болушу ыктымал», — деп эсептейт Исмаилова.
Бирок ал бийликтин кайсыл өкүлдөрү болушу мүмкүндүгүн тактап айткан жок.
«Бир дүйнөнүн» кеңсесинен 5 компьютерден сырткары сейфтердеги 33 миң сом да уурдалган. Ошондой эле кылмышкерлер видеокөзөмөл системасын да талкалап кетишкен.
Kloop.kgнин кабарчысына Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан (ШИИБ)окуя болгон жерде ыкчам-иликтөө тобу иштеп жаткандыгын айтышты, иш боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
Буга чейин «Жарандар коррупцияга каршы» уюму катары белгилүү болгон «Бир дүйнө» Кыргызстандагы эң эски укук коргоо уюмдарынын бири болуп саналат.
Уюм акыркы жылдары «Бир дүйнө» деген аталыштагы эл аралык укук коргоочу тасмалардын фестивалын өткөрүп келет. Көпчүлүк учурларда андагы көрсөтүлүп жаткан тасмалардын тематикасынан улам коомдо ызы-чуулар жана талаш-тартыштардын чыгып келет.
Автор: Кубан Макешов