Орус сүрөтчүсү Иван Айвазовскийдин «Крымдагы деңиз пейзажы» аттуу сүрөтү 27-декабрга караган түнү, Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде уурдалган. Музейдин директору сүрөттү 1,5 миллион сомго баалады.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИБ) басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgге берген маегинде азырынча аларга сүрөттүн кандайча уурдалгандыгы белгисиз экенин айтты.
«Сүрөт жайгашкан көркөм зал имараттын экинчи кабатында, аны ошол экинчи кабаттан уурдап кетишкен. Уурулардын аны кантип уурдап кете алгандыктары белгисиз», — деп билдирди басма сөз кызматтын өкүлү.
Буга чейин ШИИБинин кызматкери 24.kg маалымат агенттигине берген маегинде сүрөттүн жоголгондугу 27-декабрда, музейде өткөн жаңы жылдык кеченин эртеси белгилүү болгонун билдирген.
«Түн ортосунда алар үй-үйлөрүнө тарап кетишкен. Сүрөттүн жоголгондугу эртең менен белгилүү болгон. Алгач аны өз алдынча издеп табууга аракет кылышкан, бирок пайдасыз аракеттерден кийин бүгүн милицияны чакырышты», — деп жазган 24.kg милиция өкүлүнүн айткандарын.
Музейдин директору, белгилүү кыргыз сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев Kloop.kgге берген маегинде уурулар сүрөттү керме рамкадан кесип алып кетишкендигин билдирди.
Ал сүрөттү 1,5 миллион сомго баалады.
Анын айтымында, чыгарма 1950-жылдары музей тарабынан 10 советтик рублге алынган.
«Сүрөт СССРдин маданият министрлигинин балансынан биздин министрликке 1955-жылы алынып келинип, андан кийин гана бизге берилген», — деди Шыгаев.
Деңиз сүрөтчүсү
Музейдин директору сүрөттүн уурдалгандыгы тууралуу коомчулукка белгилүү болгондуктан аны эч ким сатып албайт деп эсептейт.
«Албетте, үмүттөнүп атабыз [сүрөт табылат деп]. Ал музейден уурдалгандыктан кандай гана сатып алуучу болбосун алуудан баш тартат», — деди ал.
Шыгаев «Крымдагы деңиз пейзажы» деген уурдалган сүрөттүн «анча чоң эмес» экенин айтты. Анын айтымында, Айвазовскийдин чоң сүрөттөрүнүн бардыгы Москвадагы Третьяков галереясында коюлган.
Музейде Айвазовскийдин башка сүрөттөрү болгон эмес.
Милиция тарабынан «Уурулук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.
Иван Айвазовский — Орусиянын XIX кылымдагы эң таасирдүү сүрөтчүлөрүнүн бири. Ал көбүнчө деңиз пейзаждарынын аркасы менен атак-даңкка жеткен.
Айвазовскийдин эң кымбат сүрөтү 2006-жылы 3 миллион АКШ долларына (дээрлик 150 миллион сомго) сатылган.
Ал «Крымдагы деңиз пейзажын» 1866-жылы тарткан.
Автор: Нуржамал Жаныбекова