Мүлктөрдү легалдаштыруу аракети нотариустарда учу-кыйыры жок кезек күтүүлөрдү жаратты

Өкмөт тарабынан башталган кампаниянын жүрүшүндө Кыргызстандын жашоочулары өз мүлктөрүн легалдаштыруу үчүн бир нече саат бою кезекте турууга аргасыз болуп жатышат. Кезек күтүүлөрдүн негизги себеби — бланктардын жетишсиздиги.

31-декабрь күнү кечке чейин Кыргызстандын жарандары 1991-жылдан 2012-жылга чейин салык төлөнбөй келген мүлктөрү менен кирешелерин мыйзамдаштыруу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ.

Бирок бийликтегилер өлкөнүн — өзгөчө Бишкектин канча жашоочусу ал мүмкүнчүлүктөн пайдаланып калууну каалай тургандыктарын эске алышкан эмес. Анын натыйжасында, декабрдын соңунда мамлекеттик нотариалдык контораларда узакка созулган кезек күтүүлөр пайда болду.

SONY DSC Негизги Көйгөйлөр бланктардын жетишсиздигинен улам жаралды. Адилет министрлигинин маалыматы боюнча, алгач 5 миң даана бланк басылып чыккан, бирок өткөн аптанын соңунда алар түгөнүп калган.

Адилет министрлигинин Адам укуктары жана адвокатура боюнча башкармалыгынын башчысы Марипа Сейдалиева бийлик тарабынан дагы 3 миң бланк басып чыгаруу чечими кабыл алынгандыгын, бирок ал аракеттер дагы нотариалдык конторалардагы кезек күтүүлөрдү кыскарта албагандыгын билдирди.

SONY DSC 

Жаңы жылдын алдындагы кезек күтүү

Өз мүлктөрүн легалдаштырууну каалагандар чыдагыс шарттарга жана учу-кыйыры жок кезек күтүүлөргө даттанып жатышат.

Алардын биринин айтымында, жарандарга бланк алуу үчүн эле үч саат кезек күтүүгө туура келген учурлар болгон.

«Бланктар бар, бирок алгач 20 сом төлөш керек, черновик алып, ал үчүн кайра барып тигил жакка төлөө керек, анан кайра келип бул жерден кезекке туруп, каттоодон өтүп, мөөр бастыруу керек», — деп сүрөттөп берди бюрократтык создуктурууларды Kloop.kgнин кабарчысы тарабынан сурамжыланган Бишкектин жашоочуларынын бири.

SONY DSC

Көпчүлүк учурларда кезек күткөндөрдүн көптүгүнөн улам нотариалдык контораларда адамдардын отуруп блактарын толтурууга орун жок болуп калат. 

«Адамдар деклорацияларын толтуруп алсын деп өз орундарыбызды да бошотуп бердик», — деди Октябрь райондук нотариалдык конторалардын биринин кызматкери.

SONY DSC

Апрелге чейин узартуу

Кээ бир учурларда кезек күткөндөрдүн арасында мамлекеттик кызматкерлердин өзүлөрүн да көрүүгө болот — Kloop.kgнин кабарчысы Октябрь райондук нотариалдык конторалардын кеминде үчөөсү бири-бирин күтүп тургандыктарына күбө болду, анткени алардын каттоо журналы баарына биригип бирөө гана болгон.

notarius_1489 

Адилет министрлигинин өкүлү Марипа Сейдалиева Kloop.kgнин кабарчысына учурда өкмөт мүлктөрдү легалдаштыруунун мөөнөтүн узартуу варианттарын караштырып жатканын, бирок ал расмий түрдө бекитилбегендигин билдирди.

«Узартат болуш керек, биз өкмөттүн токтомун күтүп жатабыз. [...] Апрелге чейин узартуу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, бирок мен азыр аны расмий айта албайм», — деди ал.

SONY DSC

Акчаларды көмүскө сектордон чыгаруу

Кыргызстанда мүлктөрдү легалдаштыруу боюнча кампания бирдиктүү салык декларациясын киргизүүгө даярдык катары өтүп жатат.

Бийлик тараптан өлкө жарандарынын 2013-жылдын 31-июлунан баштап келерки жылдан тарта жаңы декларацияны эч кандай кооптонуусуз толтуруп, жазага тартылбашы үчүн салыктар төлөнбөй келген бардык мүлктөрү менен кирешелерин мыйзамдаштыруу сунушталган.

Ошондой эле мындай жол менен Мамлекеттик салык кызматы рыноктун көмүскө секторунан өлкөнүн экономикасына каражаттарды тартууга үмүттөнүп жатат. 

Автор: Айгерим Чалбаева