Ош: Атасы өз ымыркайын сатып жаткан маалда кармалды

Садыр аттуу Өзбекстандын жараны Ош аскер комиссариатынын алдында төрөлгөнүнө бир ай толо элек өз наристесин 30 миң сомго баалап, аны кардарга сатып жаткан кезде кармалган. Азыр ал адам сатуу айыбы менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында камакта.

Анын жубайы көз жаргандан бери аз кандуулуктан улам Ош шаарындагы төрөт үйлөрүнүн биринде жаткан. Садыр наристесин жубайынын уруксатысыз эле сатып, Орусияга кетип калууну көздөгөн.

Учурда наристе энесинен кандайча ажыратылып, атасынын колуна тийип калганы териштирилүүдө.

Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков фейсбуктагы баракчасында кабарлады. Анын билдирүүсү толугу менен.

Баласын сатууга аракет жасаган ата кармалды
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү (ОБОП) бөлүмүнүн кызматкерлери, убактылуу Өзгөн районунун Шерали айылында жашаган, Өзбекстандын жараны 1973 жылы туулган Садыр аттуу адамды жаңы төрөлгөн наристени 30 миң сомго сатууга ниеттенип, кардардан акчасын алып, баланы берип жаткан маалда кармалды. Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, бул адам өзүнүн жаңы төрөлгөн баласын аялынын уруксаты жок, айтпай туруп, сатып, Россияга кетип калууну көздөп жаткан. Баласы ушул жылдын 6 декабрында гана төрөлгөн. Апасы аз кандууулуктун айынан төрөгөн күндөн тартып Оштогу төрөт үйлөрүнүн биринде жатат. Азыр тергөө кандай шарттарда бул бала энесинен ажыратылып, атасынын колуна тийип калгандыгын териштирип жатат. Алгачкы маалыматтарга караганда баланын атасы мурда соттолгон эмес, 2 баласы бар, эч жерде иштебейт. Азыр бул ата адам сатуу айыбы менен шектелип, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармалуучу жайына киргизилди.