Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы (УКМКнын) Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү 29-декабрь күнү Кыргызстанда тиричилик техникалары менен электроникаларды сатуу тармагындагы ири дүкөндөрдүн бири болгон «Ультра» дүкөндөр тармагында тинтүүлөрдү жүргүздү. Дүкөнгө ээлик кылган компания салык төлөөдөн качкандыгы тууралуу укук коргоо органдары тарабынан айтылган айыптоолорду четке кагып жатат.
УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдиргендей, «Ультрадагы» тинтүүлөр компания Мамлекеттик салык кызматынын текшерүүсүнө каршылык көрсөткөндөн кийин жүргүзүлгөн.
УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрүнүн «Ультра» дүкөнүнүн кампасына келиши:
Өз кезегинде Салык кызматы «Ультраны» салык төлөөдөн качкан деген шектенүүлөрдөн улам текшериши керек болгон.
«Компаниянын мамлекеттик бюджетке канча зыян келтирилгендигин аныктоо максатында Коорупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан жыйналган материалдар аталган ЖЧКнын 2009-2013-жылдардын аралыгындагы ишмердүүлүгүн плансыз текшерүү өтүнүчү менен Мамлекеттик салык кызматына жөнөтүлгөн», — деп билдирди УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы.
«Ультра Техникс» ЖЧКсы Мамлекеттик салык кызматынын текшерүү жүргүзүү үчүн бухгалтердик документтерди берүү жөнүндөгү мыйзамдуу өтүнүчүн четке каккандыктан, Салык кызматынын жетекчилиги тиешелүү документтерди алууга көмөктөшүү өтүнүчү менен УКМКга кайрылган», — деп түшүндүрдү Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 29-декабрдагы «Ультранын» эки дүкөнүндөгү тинтүүлөрдүн себептерин.
Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков Kloop.kgге берген маегинде атайын кызматтагылардыкына окшогон эле версиясын билдирди:
«Аталган ишкана ["Ультра"] биздин кызматка салыктан качуу фактысы боюнча тиешелүү документтерди берүүдөн баш тарткан. Анын негизинде Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатат», — деди ал.
Тинтүүгө сот уруксат берген
УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тинтүү үчүн уруксатты аларга Бишкектин Биринчи май райондук сот бергендигин билдирип, ынандырууга аракет кылууда.
Атайын кызматтагылар «Ультранын» кызматкерлерин тинтүү жүргүзүүгө мүмкүндүк бербей коюууга аракет кылышты деп айыптады.
«Бул иш боюнча күбө катары суракка алынган «Ультра Техникс» ЖЧКсынын кызматкерлери алар жетекчисинин оозеки көрсөтмөсүнүн негизинде УКМКнын кызматкерлерине тинтүү жүргүзүүгө мүмкүндүк бербөөгө аракет кылгандыктарын ырасташты. Аны менен катар бул кылмыш иши боюнча «Ультра Техникс» ЖЧКсынын бир дагы кызматкери кармалган жок», — деп билдирди УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы.
«Ультранын» карама-каршы келген версиясы
Өз кезегинде «Ультра» бул окуяны «рейдерлик басып алуу» деп атады.
Компания салык төлөөдөн качкан деген айыптоолорду толугу менен четке кагууда.
«Компания үстүбүздөгү жылы эле 2 жаңы дүкөн ачып, мамлекеттик бюджетке 78 млн салык жана чогултууларды төккөн. Биз ак ниеттүү салык төлөөчү болуп эсептелебиз жана КРнын мамлекеттик бийлигин сыйлайбыз», — деп жазылган дүкөндүн 30-декабрга караган түнү тараткан билдирүүсүндө.
Анда ошондой эле компаниянын кеңселери УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү тарабынан «массалык курчоого» алынып, анын жүрүшүндө бир нече кызматкери кармалып, дүкөндөрү жабылгандыгы жазылган.
«Күндүз дүкөнгө УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү кирип келишти, андан кийин массалык курчоого алуу, кызматкерлерди кармоо, дүкөндөрдү жабуу, тинтүү жана суракка алуулар орун алды», — деп сүрөттөгөн «Ультра» ал окуяларды.
Бул тинтүүлөр «Ультрага» Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү келип кеткенден бир апта өткөндөн кийин жүргүзүлгөн.
«Ультра» анын кызматкерлери Салык кызматынын өкүлдөрүнө каршылык көрсөткөндүктөрү тууралуу УКМКнын билдиргендерин четке кагууда.
«Толугу менен жасалма жана бурмаланган фактылар боюнча тоскоолдук кылуу, каршылык көрсөтүү жөнүндөгү протоколдор түзүлдү, аны биз видео көзөмөл камералары аркылуу тартылып алынган материалдар менен далилдей алабыз», — деп жазылган «Ультранын» билдирүүсүндө.
Кийинчерээк Кыргызстандагы ири форумдардын бири болгон «Дизелдеги» «Ультранын» өкүлү дүкөндүн видео көзөмөл камераларындагы тартылып алынгандарды УКМКнын кызматкерлери алып кетип калгандыктарын жазган.
Коммерциялык ишмердүүлүк толугу менен токтоду
Компания бул окуя 2010-жылы бийликтен кеткен президент Курманбек Бакиевдин мезгилин эске салып жатканын билдирүүдө.
«Рейдерлик жол менен басып алуу «бакиевдик мезгилди» эске салып жатат, анын үстүнө мыйзамсыздык коррупцияга каршы күрөшүүгө милдеттүү болгон укук коргоо органдары тарабынан жасалууда. Коммерциялык ишмердүүлүк жаңы жылдын алдындагы сатуулар, акциялар күчөп турган маалда толугу менен токтоп калды», — деп билдирди «Ультра».
Компания кызматкерлеринин даректерине карата УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан «коркутуп-үркүтүүлөр болуп», «моралдык жактан басым» жасалып жаткандыгын айтып, даттанууда.
«Текшерүү жөнүндөгү буйрук ылайыксыз түрдө жөнсүз адамга берилди жана директор жок кезде кампалар жабылып, эч кимди киргизбей, баарына тыюу салынды. Шашылыш түрдө кылмыш иши козголду, ал эми кеңсеге мамлекеттик мекемелер, маалымат каражаттары иштебеген дем алыш күнү кирип келишти», — деп жазылган «Ультранын» билдирүүсүндө.
Автор: Бектур Искендер