Жаңы жыл түнү Кыргызстандын борборунда беш жол кырсыгы болду. Саламаттыкты сактоо министрлиги ал кырсыктардан улам жалпысынан алты киши каза болгондугун билдирүүдө.
Унаа кырсыктарынын чоо-жайы тууралуу кенен айтылбай эле, бирок тез жардам кызматынын дарыгери Егор Борисовдун билдирүүлөрүнө ылайык, алардын бири Жол кайгуул кызматынын өкүлүнүн катыщуусунда болгон.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы жаңы жыл түнү орун алган жол кырсыктарында каза болгондордун саны тууралуу K-News маалымат агенттигине билдирген.
Министрликтин маалыматы боюнча, жалпысынан түндөгү беш жол кырсыгынан алты киши каза болуп, дагы жети киши түрдүү жаракаттарды алышкан.
Активист Айбек Баратов «Ютубга» Бөкөнбаев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги унаалардын бири өрттөнүп кеткен жол кырсыгынын кесепеттери тартылган видеону жайгаштырган. Ал кырсыкта каза болгондор болгон эмес:
Автор: Бектур Искендер
Сүрөттө жаңы жыл түнү Бишкекте болгон жол кырсыктарынын бири. Автору: Егор Борисов