«Инстаграм» сервиси Бишкектин жашоочуларынын арасында популярдуулугун арттырууда, бул өз кезегинде анда борбордун пейзажы тартылган сүрөттөрдүн санын кыйла эле көбөйттү. Сиздердин назарыңыздарга Kloop.kgнин редакциясы мыкты деп тапкан 2013-жылдын декабрында тартылган «Инстаграмдагы» Бишкектин сүрөттөрүн сунуштайбыз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР: Биз бул рубриканы ар ай сайын чыгарып турууну пландап жатабыз. Эгер сиздер 2014-жылдын январындагы галереяга нстаграм-сүрөтүңүздөрдүн чыгышын кааласаңыздар анын шилтемесин bektour@kloop.kg дареги аркылуу бизге жөнөтсөңүздөр болот жана биздин тезирээк байкашыбыз үчүн аны #bishkek деген белги менен белгилеп коюңуздар
Маша С., @mashkaa_s, Абдрахманов көчөсүнүн үстүндөгү көпүрөлөр:
Муслим Мухамедияров, @manas_m, ижарага берилчү велосипеддер:
@sagngil аттуу колдонуучу, Орус православие чиркөөчү:
Бектур Өскөналиев, @twibeka, Панфилов атындагы сейил багы:
Брэд Симмс, @brad_simms, 105-сериядагы үй:
Кирилл Купрейчук, @kyrybaj77 «Ала-Тоо» аянтындагы туман:
@mr_marlo аттуу колдонуучу, Бишкектин борборунун жана анын түштүгүндөгү тоолордун көрүнүшү:
Муслим Мухамедияров, @manas_m, Бишкек аркылуу өткөн Ала-Арча дарыясы:
@hillwench аттуу колдонуучу, аскерлер борбордук «Ала-Тоо» аянтындагы желекти кайтарууда:
Кристина Доннелли, @christinamdee, Кар жаагандан кийин, Бишкектеги короолордун бири:
Брэд Симмс, @brad_simms, Улуттук филармониянын алдындагы эстеликтердин негиздери:
@mr_marlo деген колдонуучу, Бишкектин борборундагы курулуш:
Джастин Эспада, @blacktechno, «Манас» аэропортунун мунарасы:
@alialianne аттуу колдонуучу, «Жал» кичи районунун жанындагы жеке сектордун көрүнүшү :
Бул сүрөттөрдүн кайсынысын мыкты деп эсептейсиздер? Өз пикирлериңиздерди төмөнкү жактагы пикир калтыруу бөлүмүнө жазып калтырсаңыздар болот.
Автор: Бектур Искендер