Адаттан тыш тажрыйба: Кыргызстандын жаранынын Орусияга кирүүсүнө кантип тыюу салышты

Кыргызстандык Таисия Ельцина Санкт-Петербургда бир нече жылдан бери жашайт. 2013-жылдын акыркы күнү ал Нью-Йорктон Питерге кайтып келе жаткан, бирок Москванын «Шереметьево» аэропортунда анын Орусияга кирүүсүнө тыюу салынгандыгы белгилүү болгон.

Ельцинага «Шереметьево» аэропортунун өлкөгө кирүүгө тыюу салынган адамдар жайгаштырылчу жабык бөлмөсүндө 12 саат өткөрүүгө туура келди.

Ал эмне себептен кара тизмеге киргизилгендигин билбеген бойдон эле Кыргызстанга учуп келди. Эми бул жактан өзүнүн Орусиянын аймагына кирүүгө болгон укугун калыбына келтирүүгө аракет кылганы жатат.

Таисиянын Москва аэропортунда өткөргөн 12 сааты жөнүндө айткандары өзгөртүүсүз берилет:

Кирүүгө тыюу салынган

Биз жигитим экөөбүз Нью-Йоркто эс алып Питерге келе жатканбыз.

Ельцина 12 саат отурган «Шереметьево» аэропортунун F терминалы.
Ельцина 12 саат отурган «Шереметьево» аэропортунун F терминалы.

«Шереметьеводогу» чек ара көзөмөлүнөн менин жигитим биринчи болуп өттү, а мени болсо алып калышып, өзүнчө бир бөлмөгө алып баргандан кийин Орусияга киргизбей тургандыктарын айтышты.

Мен анын себептерин билүүгө аракет кылдым. Чек арачылар мени киргизбей коюууга негиз бар экенин, бирок аларда кеңири маалымат болбогондуктан чоо-жайын түшүндүрүп бере албай тургандыктарын билдиришти.

Аларга Федералдык миграция кызматынан кайсы бир себептерден улам менин Орусия Федерациясынын аймагына кирүүмө тыюу салынгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Чек арачылар мага тааныштым деп кол коюууга кандайдыр бир документти беришти, анда мен 2016-жылга чейин өлкөгө кире албастыгым жана эгер кирүүгө аракет кылсам камакка алына тургандыгым жазылыптыр.

Мен документти окуп чыктым, анда өзгөчө деле эч нерсе жазылбаптыр. Текстте кайсы бир беренеге таянышыптыр, кайсы берене экени эсимде жок, анткени мен ал учурда дендиреп, эч нерсе оюма келбеген абалда болчумун.

Бирок мен мунун баары эмнени түшүндүрөт деп сураганымда алар Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине кайрылышым керектигин же болбосо Питердеги туугандарым Федералдык миграция кызматына кайрылып, мени киргизбей жаткандыктарынын себептерин аныктап берүүлөрү керектигин айтышты.

Бизди бир канча убакыт кичинекей бөлмөдө кармап турушту — анда бир нече өзбек бар болчу, сыягы аларды да өзүнчө суракка алышты окшойт.

Андан соң бизди «Шереметьеводогу» тосулган бөлмөгө алып барышты — ал бөлмө жөн гана терминалдын бир бөлүгү, бирок сырттан караган адамга анын ичинде эмне болуп жаткандыгы көрүнбөгөндөй жасалган.

«Кичинекей бөлмө». Автору: Таисия Ельцина
«Кичинекей бөлмө». Автору: Таисия Ельцина

 «Орусия жөндөн-жөн эле айыптабайт»

Бийлик өкүлдөрү бул жагдайды логикалык жактан түшүндүрүп берүүгө эч кандай аракет кылышкан жок. Бизди кичикеней бөлмөдөн тосулган бөлмөгө алып бара жатышканда мен чек арачылардын биринен мени эмнеге кое бербей жаткандыктарын билүүгө аракет кылдым.

Мен ага чынында мага карата эч кандай дооматтар болбошу керектигин айтып түшүндүрдүм — менде шектүү эч нерсе жок жана мен дайыма Орусиядан өз убагында чыгып кетип тургам.

Бирок ал менин антип айтпашымды өтүнүп, «эгер Орусия айыптап жатса, анда жөндөн-жөн эмес кайсы бир иш үчүн» айыптайт, демек сиздин артыңызда бир нерсе бар, эч нерсе жок болсо токтотушмак эмес деди.

«Баары эле күнөөсү жоктугун айтышат, жок дегенде өлкөгө кирүүмө тыюу салынышынын себептери бар деп мойнуна алган бирөө болсочу», — деди чек арачы.

Мага бул боюнча чек арачыларда эч кандай маалымат жок экендигин жана эгер мен кызыксам өзүм барып, себептерин аныкташым керектигин айтышты.

Качан бизди тосулган бөлмөгө алып барышканда мен тизелеп отуруп алып айланадагылардын бардыгын сүрөткө тартып баштадым. Болгондо да телефонго эмес, өзүмдүн чоңураак фотоаппаратыма.

«Тосулган бөлмө». Автору: Таисия Ельцина
«Тосулган бөлмө». Автору: Таисия Ельцина

Менин жолум болду десем болот, анткени мени байкабай калышты жана эч нерсемди тартып алышкан жок.

Бөлмө чоң дагы, кийинекей дагы эмес. Ал жакта менден сырткары депортацияны күтүр дагы 30 адам отурду. Алардын арасында 8-9 күндөн бери отургандары да бар экен.

Биз отурган бөлмө айландыра тосулган жана башка жүргүнчүлөрдүн ал жакка эркин кирүүсүнө уруксат берилген эмес. Чек арачылар болсо магниттик өткөрмө аркылуу ачыла турган айнек эшиктери аркылуу кирип жүрүштү.

Ал бөлмөдөгү абал жалпысынан өтө көңүлсүз болду. Бир аптадан бери жакшылап жууна элек, күнүнө бир эле маал тамактанган адамдар. Ал эмес суу ичүү да көйгөй жаратты, анткени ашыкча жолу өтүнүүнү эч ким каалаган жок.

Жалпысынан ал бөлмөдөгү күзөтчүлөр агрессивдүү экен. Албетте жакшы мамиле кылып, колдоо көрсөткөндөрү да болду. Өзгөчө нөөмөт башчысы өтө кичи пейил адам экен, бирок ал биз отурган бөлмөгө өтө сейрек кирет экен.

Күзөтчүлөр. Автору: Таисия Ельцина
Күзөтчүлөр. Автору: Таисия Ельцина

Бөлмөдө түрдүү адамдар болду. Кээ бирлери жөн эле отуруп убакытты өлтүрүп жатышса, кайгырбастан түрдүү интеллектуалдык темаларда сүйлөшкөндөрү да болду.

Андагы адамдар эч нерсеге карабастан Жаңы жылды тосуп, өз акчаларына шампан сатып алууну каалашты. Биз камакка алынган жокпуз го, бирок бизди транзиттик аймакка өткөрүшкөн жок.

Терминалдын тосулган бөлмөсү адамдардын ал жакта мынчалык узак убакыт болуусуна ылайыкташтырылып жабдылган эмес. Мен чек арачылардан кайсыл жерге уктап алса болот деп сураганымда, алар бүгүн адамдардын көптүгүн жана отургучтар бош эмес экендигин айтышып, эч кандай жардам бере албай тургандыктарын билдиришти.

Сыягы, алар үчүн адамдарды жата турган орундары жок кармап туруу нормалдуу эле көрүнүш окшойт. Андагы адамдар полдо, өз кийимдерин салып алып уктап жатышты.

Аэропорттун «тосулган бөлмөсүндөгүлөрдүн» бири уктап жатат. Автору: Таисия Ельцина
Аэропорттун «тосулган бөлмөсүндөгүлөрдүн» бири уктап жатат. Автору: Таисия Ельцина

Албетте, жууна турган жер жок болду, анткени ал жакта эркектер жана аялдар үчүн өзүнчө даараткана гана каралган. Анда бети-колду жана байпактарды эле жууганга мүмкүнчүлүк бар — кийин ал жуулган байпактарды эшиктин кармагычына илип кургатып жаткандарына күбө болдум.

Мен барда ал жакта бир гана жолу тамак беришти, а мен ал бөлмөдө саат 9дан кечки 10го чейин болгом. Тамак баарыбызга бир алынып келинди. Бирок менин эт жебегендигим аларга да бир топ көйгөй жаратты окшойт. Мен үчүн аларга башка, эт кошулбаган тамак издеп табууга туура келди.

Негизинен менин кыз экендигиме караштыбы, айтор башкаларга караганда мага сылыгыраак мамиле кылышты. Мен башкаларга орой мамиле жасалып жатканын көрдүм. Эч кандай зордук-зомбулук болгон жок, бирок чек арачылар бардыгына тең жек көрүп, кемсинтүү менен мамиле жасап жатышты.

Ал жакта мени менен бирге болгон адамдар бул окуяны элге таратышымды каалашты.

Жуулган байпактар даараткананын эшигинде. Автору: Таисия Ельцина
Жуулган байпактар даараткананын эшигинде. Автору: Таисия Ельцина

Алматы аркылуу Бишкекке

Менин Орусиянын аймагына кирүүмө тыюу салышып, эми кайсыл жакка жөнөтүүгө мүмкүн экенин сурашканда мен дароо эле Бишкекке деп жооп бердим. Чек арачылар жакын арада Шереметьеводон Бишкекке уча турган каттам издей башташты.

Анан мага 1-январь күнү кечинде уча турган каттамды сунушташты, мени болсо 31-декабрь күнү кечинде кармашкан. Качан мен аэропортто бир суткадан ашык туруп калаарымды айтып, нааразычылыгымды билдиргенде чек арачылар бул бөлмөдө өз каттамдарын апталап күткөн адамдар да бар экенин айтышты.

Менин ал жактан эртерээк кетким келди, жигитим Алматыга уча турган каттам тапты. Анан мен чек арачылардан эгер билетти өз акчама сатып алсам мени кое бересиңерби деп сурадым. Алар каршы болушкан жок.

Мен жаңы билет сатып алгандан кийин да паспортумду кайтарып беришкен жок. Жарандык кийимчен эки адам келип мени учакка отургузушту, анан өз ордума отурганыма күбө болушкандан кийин паспортумду авиакомпания өкүлдөрүнө берип кетип калышты.

А авиакомпания өкүлдөрү болсо паспортумду казак чек арачыларына беришти, өз кезегинде чек арачылар эмнеге менин Бишкекке эмес, Алматыга учуп келгениме көпкө чейин таң калышты.

Кээ бир адамдар өз каттамдарын аэропорттун «тосулган бөлмөсүндө» 8-9 күнгө чейин күтүп калышат. Автору: Таисия Ельцина
Кээ бир адамдар өз каттамдарын аэропорттун «тосулган бөлмөсүндө» 8-9 күнгө чейин күтүп калышат. Автору: Таисия Ельцина

Казак чек арачылары мага «Шереметьеводон» Орусияга киргизбей койгондуктарын күбөлөндүрчү эч кандай акт бербегендиктерине таң калышты.

Менде Орусияга киргизбей койгондуктары тууралуу эч кандай документ жок болчу, паспортума да эч кандай мөөр басылган эмес.

А мен кол койгон документти орусиялык чек арачылар өзүлөрүнө алып калышкан, ал бир гана нускада, көчүрмөсү жок болчу.

Мен анда дендиреп, эч нерсе оюма келбей калган. Кийин гана ал документтин тексти менде да болушу үчүн аны сүрөткө тартып алсам болмок деп калдым.

Учурда мен Федералдык миграция кызматынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнө барып, эмнеге мындай болгондугунун себебин аныктоону көздөп жатам.

Анда мен себептерин аныктап, менин өлкөгө кирүү мүмкүнчүлүгүмдүн калыбына келтирилишине аракет кылам.

Орусияда жигитим менен жашайм, ал жакта атам да жашайт, мен ошол жакта туулгам, эки жылдан бери келип-кетип жашайм.

Бул окуянын себептерин аныктоого аракет кылып, менин башым катты. Бул Волгограддагы жардырууларга байланыштуудур, анүстүнө Жаңы жылдын алды болчу, Сочидеги Олимпиадага да аз калды.

Качан экени так эсимде жок, бирок Путиндин чек араларды бекемдеп, шектүү адамдарды текшерүүнү күчөтүү керектиги жөнүндө айтканын уккам. Мүмкүн мен жөн гана ал текшерүүлөрдүн жалпы толкунуна кабылып калгандырмын.

Кыргыз Нью-Йорктон Петербургга келе жатат — өтө шектүү адам. Сөзсүз тыңчы болушу мүмкүн.

Маектешкендер: Амина Сулеева, Бектур Искендер жана Улан Мырза