Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлигине алгачкы талапкерлер белгилүү болду

Чүй облусунун губернатору Кубанычбек Кулматов Бишкектин мэрлигине шаардык кеңештеги эң көп добушка ээ КСДП фракциясы тарабынан сунушталат. Ошто шаардык кеңештеги башкаруучу коалициянын депутаттары мэрлик кызматкан «замандашчы» Айтмамат Кадырбаевди сунушташты.

Формалдуу түрдө Бишкектин мэрлигине Кулматовду сунуштоо чечими Социал-демократтар (КСДП) тарабынан 5-январда кабыл алынды. Бирок Чүй облусунун губернатору ал орунга бир айдан бери эле эң ыктымалдуу талапкер деп эсептелинип келген.

Азырынча Кулматовдун талапкерлигин 2012-жылдын күзүндөгү шайлоолордон кийин Бишкек шаардык кеңешинде КСДП менен бирге башкаруучу коалицияны түзгөн «Замандаштын» колдоор-колдобосу белгисиз.

Ошондой эле шаардык кеңеште азчылыкты түзгөн «Республика» жана «Ата-Мекен» фракцияларынан талапкерлер сунуштала элек.

Ошто «Замандашчы»

Ал ортодо 2013-жылдын аягында Ош шаардык кеңешинде жаңы негизделген башкаруучу коалиция түштүк борбордун мэрлигине жергиликтүү кеңештин «Замандаш» партиясынан депутат Айтмамат Кадырбаевди сунуштады.

Оппозициялык партияга айланган «Улуттар биримдиги» (ал шаардык кеңештеги 45 орундун 21не ээ) азырынча мэрликке кимди сунуштаарын расмий билдире элек, бирок саясий талдоочулар ал адамдын 2013-жылдын декабрынын башында кызматтан алынган экс-мэр Мелис Мырзакматов болооруна ишенишет.

Ош шаардык кеңешиндеги башкаруучу коалициянын алмашуусуна «Замандаш» партиясы ээлеген жалгыз орун себеп болгон.

Буга чейин ал орунду Мырзакматовдун санаалашы Нурадил Жолдошев ээлеп, башкаруучу коалициянын көпчүлүк болуп туруусуна жардам берип келген.

Бирок Жолдошев декабрда партия тарабынан чакырылып алынган. Анын шаардык кеңештеги ордун Кадырбаев ээлеп, дароо КСДП тарабынан түзүлгөн жаңы көпчүлүк коалициясына кошулган.

Шайлоолор бир күндө

Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо бир күндө, 15-январда өтөт. Мыйзамга ылайык, шаар башчыларын жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлашат.

Шайлоолорду өткөрүү зарылчылыгы декабрдын башында, Бишкектин мэри Иса Өмүркулов менен Оштун мэри Мелис Мырзакматов биринин артынан бири кызматтарынан кеткенден кийин жаралган.

Өмүркулов Бишкектин түштүгүндөгү сейил бактын аянтын мыйзамсыз кыскарткан деген айыптоолордон кийин кызматынан кеткен. Көзөмөлдөөчү органдын маалыматы боюнча, ал кыскартуулар сейил бактын аймагына ресторан менен май куюуучу жайдын курулушуна жол ачкан.

Мырзакматов болсо кызматынан Ош мэриясынын алдындагы митингде оппозициялык саясатчылардын куугунтукталып жатканы боюнча айткан сын-пикиринен бир нече күн өткөндөн кийин бийлик тарабынан алынган.

Автор: Бектур Искендер