«Баратов рейдде»: 1-чыгарылышы, Жол кайгуул кызматкерлери аялдамада

Активист Айбек Баратов Жол кайгуул кызматынын жол эрежелерин бузган кызматкерлери тартылган документалдуу видеолорду жарыялоосун баштады. Kloop.kgнин редакциясы автордун уруксаты менен активисттин тасмаларын сайтка чыгарып турат.

Алгачкы ролик 7-январь күнү кечинде тартылган. Анда Жол кайгуул кызматынын (ЖКК) унаасын аялдамага токтотуп койгон кызматкерлери тартылган.

Алар унаасын уруксат берилбеген жерге токтоткону аз келгенсип, маршруттук таксинин айдоочусун токтотуп жатып аны жол эрежесин бузууга мажбур кылышкан.

Аны менен катар алар көз көрүнөө туташ эки тилкени кесип өтүп, бурулуп кетип калган «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү унааны көрмөксөн болуп коюшкан.

Автор: Айбек Баратов