Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселелерин талкуулап жатышат

Кыргызстандын вице-премьер министри Токон Мамытов чек араларды демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарына учуп кетти. Тараптардын жолугушуусу өлкөлөр ортосундагы чек ара аймактарындагы чыңалуулардын фонунда болууда.

Бүгүн Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдө тараптар кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоо маселелерин талкууга алышат. Акыркы бир жылдан бери андагы талаш аймактардан улам дайыма жаңжалдар чыгып келет.

Сүйлөшүүлөргө Тажикстан тараптан өкүл катары вице-премьер Муродали Алимардон башында турган делегация катышып жатат.

«Тараптар негизинен талаш аймактардагы эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда жаңжалдардын чыгышына жол бербөө маселесине көңүл бөлүшөт», — деген Кыргызстандын Баткен облусу менен чектешкен Согди облусунун башчысынын биринчи орун басары Жумабой Сангинов «Азия-Плюс» маалымат агенттигине берген маегинде.

Кеп бардык тарабынан Кыргызстан менен курчалган тажиктердин Ворух эксклавынын чектерин аныктоо жөнүндө да болуп жаткандыгын эске алсак, анда эки өлкө ортосундагы чек араны аныктоо узакка созулчудай.

Бул акыркы бир айдан бери чек ара маселесине арналган экинчи кыргыз-тажик жолугушуусу — сүйлөшүүлөрдүн биринчиси 23-декабрда, чек арадагы жаңжалдан кийин дароо эле Бишкекте өткөн.

Жалпысынан өткөн жылы Ворухтун айланасында эки олуттуу жаңжал болгон.

Апрелде чек арага жакын айылдардын 100гө чукул жашоочусу Кыргызстандын тажик аймагын айланып өтчү жолду куруп баштаганынан улам мушташып кетишкен.

19-декабрда Ак-Сай кыргыз айылынын жашоочулары айылдашынын жайкы эс алуу курулушун Тажикстандын жарандары өрттөгөн деген шек менен ворухтуктардын өз өлкөсүнүн негизги аймагына барчу жолун тосуп алышкан.

Жаңы жылга аз күн калганда Тажикстан өзүнүн бронетанкалык куралдарын чек ара аймагына жакындаткан. Бул өз кезегинде Кыргызстандын бийлигинин нааразычылыгын жаратып, ал коңшу өлкөдөн техникасын алып кетүүсүн өтүнгөн.

Автор: Бексултан Искендеров