Ош облусу: Цемент заводдон чыккан түтүндөн жергиликтүүлөр кабатыр

Ноокат районундагы Ынтымак айылдык округунун тургундары айылга жакын жайгашкан цемент завод түтүнүнөн жабыр тартып жатканын айтып кейишет. Завод башчысы болсо ал зыяндуу түтүн эмес, болгону буу деп тургундарды кабатыр болбоого чакырат.

Ынтымак айылдык округуна караштуу Беш буркан айылынын жашоочулары цемент заводдон чыккан түтүнгө аллергия болуп, баштары ооруп кыйналып жаткандыгын айтышат.

“Эң эле оорчундуу жери – бул [заводон чыккан] түтүнү болуп жатат. Аябай түтөгөн маалда заводго жакын жашаган адамдар аллергия болуп, баштары ооруйт”,– деп билдирди Беш буркан айылынын башчысы Кудайберди Бөрүбаев.

Ошондой эле заводдун тегерегинде жайгашкан айылдарда жер жемиштерге жана малдарга зыяны тийүүдө деп билдирет коңшу айылдын тургундары.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында алмалардын 30 пайызы ушундай болуп калат.
Жергиликтүүлөрдүн айтымында алмалардын 30 пайызы ушундай

“Алманы чөкүр басып, жарымы кургап, жарымы жашап тургандары, бүтүн кургап калгандары да бар. Мунун [заводдон чыккан түтүндүн] зыяны азыркы учурда малдарга да тийип жатат. Мисалы кээ бир койлор бала таштап коёт”,– деп билдирди Ынтымак айылдык округуна кирген дагы бир айыл Багландын жашоочусу Мурзали Алайчиев.

Цемент заводунун курулушу он жылдай мурда бүткөрүлгөн болсо, иштей баштаганына беш жыл болгон. Айыл тургундары аталган заводдон 2012-жылдан тартып зыян көрүп келгендигин кошумчалашты.

Атын атагысы келбеген цемент заводунун башчысы айыл тургундары заводго түшүнбөстүк менен мамиле кылып жаткандыгын, эгер каалашса келип текшерип көрүүсүн айтат.

Цемент завод башчысы заводдон чыккан түтүндүн зыяндуулугу жок деп, аны төмөнкүдөй түшүндүрдү.

Айылдагы цемент завод
Айылдагы цемент завод

“Бул жерде элдин түшүнбөстүгү болуп жатат. Себеби биз кам өндүрүштү суу себип, нымдуу кылып, анан очокко киргизебиз. Ошондо буу болуп чыгат, бул түтүн эмес. Зыяндуулугу жок”,– дейт завод башчысы.

Ынтымак айылдык округунун башчысы Досмухаммет Раимбердиевдин айтымында, буга чейин тургундардын маселесин айылдык кеңеш карап чыгып, жыйынтыгында заводго фильтр коюу чечимине токтолушкан. Бирок ал чечим натыйжа бербей жатат, дейт ал.

Ынтымак айылдык округунан сырткары завод түтүнүнөн ага жакын жайгашкан Кулатов айылдык округунун айрым айылдарында да жогорудагыдай эле жагдайларда жабыркап жатканын айтышат жергиликтүүлөр.

Завод менен ага эң жакын жайгашкан айылдын ортосунда 300дөй метр аралык бар.

Сүрөт: Рысбек Маматов