Белгисиз адам Оштогу балатыны өрттөп жиберүүгө аракет кылган

УКМК тарабынан Ош шаарынын борбордук аянтына орнотулган балатыны өрттөп жиберүүгө аракет кылган адам кармалды. Атайын кызматтагылар ал «диний экстремизмдин өкүлү» болушу мүмкүн экенин билдирип жатышат.

Балатыны өрттөө аракети качан болгону белгисиз, бирок Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) ал окуя боюнча бүгүн гана билдирди.

Атайын кызматтагылар тарабынан кармалган ал адам Жаңы жылды майрамдоого каршы нааразычылыгын билдирүү үчүн балатыны өрттөөгө аракет кылган.

«Учурда анын террористтик же экстремисттик уюмдарга тиешеси бар-жоктугун текшерүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат», — деп жазылган УКМКнын пресс-релизинде.

Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgнин журналисти менен болгон маегинде окуянын чоо-жайын кененирээк айтып бере алган жок.

Ош мэриясынан ал окуя боюнча эч нерсе билбей тургандыктарын айтышты.

Акыркы жылдары Кыргызстандын мусулмандарынын радикалдуу топторунун арасында Жаңы жыл өлкө үчүн жат, белгилөөгө болбой турган майрам деген көз караштар популярдуу болуп келүүдө.

Коңшу Тажикстанда мындай көз караштар бул жактагыдан да популярдуу, быйыл анда өлкөнүн бийлиги мамлекеттик ишканаларга Жаңы жылды балаты жана Аяз ата сыяктуу көнүмүш атрибуттары менен майрамдоого тыюу салган.

Эгер сиз бул окуянын чоо-жайы тууралуу кененирээк билсеңиз bektour@kloop.kg дареги аркылуу бизге кабарлаңыз.

Автор: Бектур Искендер