Бишкек: Футзал боюнча мелдеш

Жыл сайын өткөрүлчү футзал боюнча "Наристе" мелдеши быйыл да 3-8-январь аралыгында Бишкекте Кожомкул атындагы спорт сарайында болуп өттү. Анда Кыргызстан жана Казакстандан баары биригип отузга жакын команда катышты.IMG_0085_1Турнирдин "Наристе" деп аталып калганынын себеби жылдын башында оюн өткөрүлүп жатат жана ал жаңы төрөлүп бутуна турган баладай - жаңы башталыш, деп түшүндүрдү мелдештин калысы Акбар Казиев.IMG_0153_1Мелдеште жаш курагына карата 35-45 жаштагылардан турган он беш команда ойноду. Ал эми 45тен жогору жаштагылардан турган он үч команда өз ара ойношту.IMG_0161_1Оюнду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги уюштурган. Жеңүүчүлөргө кубок, диплом жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.IMG_0180_1Турнирдин максаты - мамлекеттик мекемелерде иштегендердин жана футболдун ветерандарын дем алышты бош өткөрбөй, ден соолукка, спортко тартуу жана футзалды элге таратуу.IMG_4399_1IMG_4434_1IMG_4442_1IMG_4474_1IMG_4509_1IMG_4514_1IMG_4663_1Казакстандын "667" командасы 45тен жогорку курактагы оюнчулардын мелдешинде 3-орунга ээ болду.IMG_4675_145тен жогору жаштагы командалардын ичинен кыргызстандык "Форватор" тобу биринчи орунду алса, 35-45тегилердин ичинен да Кыргызстандын "Булат" командасы биринчиликти багындырды.IMG_4696_1"Наристе" турнири 1998-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Автор: Сыймык Максат уулу, Канболот Абылкасым уулу жана Гүлжан Турдубаева