Бишкекте эл аралык террористтик уюмдун куралдуу мүчөлөрү кармалды

Сирияда согуштук даярдыктан өтүп келген чет өлкөлүк эки жаран Чүй облусунун аймагынан жана Бишкек шаарынан кармалган. УКМКнын билдирүүсүнө ылайык, алар Кыргызстанга мыйзамсыз киришкен жана жасалма документтер менен Кыргызстанда туруу мөөнөтүн узартып, андан ары Сирияга согушкерлерди жиберүү аракетин мерчемдеп жүрүшкөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кармалгандарга таандык ок атуучу куралдар (Калашников автоматы, тапанчалар, чолок мылтыктар жана ок дарылар) табылган, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Кармалгандарга каршы кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.