Бишкектин мэрин шайлоо бир гана талапкердин катышуусунда өтөт

15-январда өтчү борбордун мэрин шайлоого шаардык кеңештеги башкаруучу Социал-демократиялык партия гана өз талапкерин – Чүй облусунун губернатору Кубанычбек Кулматовду сунуштады.

Кыргызстанда мэрлерди шаардык кеңештер шайлай турганын эске алсак, анда борбор калаанын башчысын шайлоо формалдуулукка айланып калышы мүмкүн.

Ошентип, КСДП мэрлик кызматка өз талапкерин сунуштаган жалгыз партия бойдон калды.

Бишкек шаардык кеңешиндеги калган үч фракция менен премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин өз талапкерлерин Боршайкомго каттатуу үчүн 8-январдын 18:00нө чейин гана мүмкүнчүлүктөрү болгон, бирок алар ал мүмкүнчүлүктөрү менен пайдаланышкан жок.

Кулматовдун мэр болуп шайланышына башкаруучу коалициядагы депутаттардын анын талапкерлигине добуш берүүдөн баш тартышы гана тоскоолдук жаратышы мүмкүн.

КСДП шаардык кеңештеги 45 орундун 21не ээ. Ал кеңештеги көпчүлүк коалицияны 6 добушка ээ «Замандаш-Современник» партиясы менен бирге негиздеген.

Бишкек шаардык кеңешинде 11 орунга ээ оппозициялык «Республика» фракциясы талапкер сунуштоодон эч нерсе чыкпайт деген чечимге келип, өз талапкерин сунуштаган эмес.

«Туруктуу иш алып баруу жана реалдуу реформаларды жасоо үчүн дайыма шаардык кеңештеги көпчүлүк депутаттардын колдоосу керек, а ал үчүн биздин добуштар жетишсиз», — деп жазылган «Республиканын» билдирүүсүндө.

Оппозициялык партия шаар башчысын депутаттар эмес, шаардын жашоочулар өзүлөрү шайлашы керек деп эсептейт.

Мэрди шайлоо Бишкек шаардык кеңешинде 15-январда өтөт.

Бишкек шаарынын мэрин атаандашсыз шайлоо тууралуу кандай ойдосуз? Кулматовдун талапкерлигине кандай карайсыз? Борбор шаардын башчысы кандай жол менен шайланышы керек? Өз пикириңизди материалдын төмөнкү жагындагы пикир калтыруу бөлүмүнө жазып калтырсаңыз болот.

Авторлор: Гульдина Чилдебаева, Кафана Сеитова жана Айдина Аманжанова