Бишкектин борборунда жайгашкан «Смак» дүкөнүнүн үчүнчү кабатында 9-январь күнү күндүз өрт чыкты. Каза болгондор жана жаракат алгандар жок.
Өрт болжол менен 13:00дө башталган, азырынча анын себептери белгисиз.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн бири каза болгондор жана жаракат алгандар жок экенин билдирди.
Kloop.kgнин кабарчылары дүкөн жайгашкан имараттан үстүлөрү күл болгон адамдардын чыгып жаткандыктарын көрүштү, алардын көбү беттерин шарфтар менен жаап алышкан.
Болжол менен жарым сааттай дүкөн жайгашкан Байтик Баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде кара түтүн жогору көтөрүлүп турду.

Өрттү өчүрүү үчүн кеминде беш өрт өчүрүү унаасы талап кылынды, деп билдирди Kloop.kgнин окуя болгон жерде жүргөн кабарчысы Александра Ли.
Өрт өчүрүүгө чынында эле беш унаа тартылгандыгын өрт өчүрүүчүлөр ырасташты. Учурда өрт дээрлик толугу менен өчүрүлдү.
Видео: Өрттөнүп жаткан «Смактан» буюмдарды ыргытып жатышат:
«Смактын» үчүнчү кабаты кеңсе катары ижарага берилип келген. Имараттын экинчи кабатында кийим-кече саткан, ал эми биринчи кабатында — азык-түлүк дүкөнү жайгашкан.Өрттүн чыгышы борбордун унаалар эң көп өткөн бөлүктөрүнүн бири болгон Байтик баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги кыймылды оорлотуп, унаа тыгынын жаратты.
Сүрөттүн авторлору:Дарья Соловьёва жана Александра Ли