Ош шаарынын мэрлигин шайлоонун алдында бийлик саясий атаандаштарга карата ыплас саясий технологияны пайдаланууда. Бул тууралуу мэрликке Мелис Мырзакматовдун талапкерлигин көрсөткөн “Улуттар биримдиги” саясий партиясынын штабынан билдиришти. Анда партиянын лидерлерине карата кысым көрсөтүлүп, негизсиз ушактар аркылуу каралоо аракеттери жүрүп жатканы белгиленген. Ошол эле кезде бийлик партиясынын өкүлдөрү мындай дооматты четке кагып, “Улуттар биримдиги” чагымчыл билдирүү менен шайлоонун алдында коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурууга кызыкдар болуп жатканын билдиришти.
“Вечерний Бишкек” маалымат агенттиги өзүнүн өкмөттөгү ишенимдүү булагына таянып, “Жаныш Бакиев жакында Ошто тополоң уюштурат” деген маалымат таратты. Анда атайын кызмат учурда Кытайда Үрүмчүдө жүргөн Жаныш Бакиев Мырзакматов мэрлик шайлоодон утулса, анын шылтоосу менен Ошто башаламандык уюштурушу мүмкүн деген маалымат алганы эскертилген.
«Жаныш Бакиевди биздин партиянын атына байлап, буга байланыштуу атайын кара пиар уюштуруп жатышат. Максат бирөө эле. Ал биздин талапкерди чалып жыгып, шайлоонун жыйынтыгы боюнча биздин жактоочулар өзүнүн оюн айтып чыга турган болсо “бул Жаныштын адамдары тынчтыкты бузганы жатышат” деп дүрбөлөң салып, коркутууга камданышууда. Бакиевдер менен азыр эч ким сүйлөшпөйт. Муну буга чейин да колдонуп келишкен эле. Эми азыр айла таппай эски күүнү кайра чала башташты».
Катардан чыккан команда
Мындан сырткары Ош шаарынын мэрлигине талапкер Мелис Мырзакматовдун командасына карата саясий кысым күчөп жатканы белгиленди. Учурда Ош шаардык кеңешиндеги “Улуттар биримдиги” партиясынын беш депутатына кылмыш иши козголгон.
Долуланган дооматпы?
Ошол эле кезде бийлик партиясы саналган Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын өкүлдөрү мындай доомат менен макул эмес. Ыплас технология менен саясий кысым кылууга жана ал аркылуу бийлик өзүнүн талапкерин мэрликке өткөрүүгө кызыкдар эмес дешет алар.
Ош шаарынын мэрлигин шайлоо келе жаткан 15-январга дайындалган. Ага Ош шаардык кеңешиндеги башкаруучу коалициянын атынан Айтмамат Кадырбаев менен оппозицияда калган “Улуттар биримдиги” партиясынан Мелис Мырзакматов ат салышканы турушат.