Чүй дарыясында топтолгон музду жардыруу иштери жүрүүдө

Чүй дарыясында муздардын топтолушу андагы суунун бөгөлүшүнө алып келген. Жыйынтыгында дарыяда суу деңгээли көтөрүлүп, жакын жайгашкан турак жайлардын короосун жана жер төлөлөрүн суу каптаган.

Кырдаалга Коргоо министрлигинен атайын топ тартылып, учурда дарыяда муздарды жардыруу иштери жүргүзүлүүдө.

Суу каптоо Чүй районуна караштуу “Красный строитель” дачасында жүз берген жана он үч үй суу каптоого кептелген.

IMG_0342
Жалпысынан төрт жолу муз жардыруу болуп дарыя өз нугуна салынды, деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы.