Орусия мигранттарга жаңы эрежелерди киргизди

Жаңы эрежеге ылайык, Орусияга жарандары визасыз кирген өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандары да анда калуу мөөнөтүн 90 күндүн ичинде тиешелүү документтерди даярдап, бир айдан бир жылга чейин узарта алышат.

Мигранттар Орусия Федерациясынын аймагында калуу мөөнөтүн убактылуу жашоого уруксат кагазын алуу менен же болбосо иштөөгө уруксат алуу же патент алуу жолдору менен узарта алышат. Көрсөтүлгөн документтердин баары Орусия Федералдык миграция кызматынын органдарында катталып даярдалышы шарт.

Буга чейин мигранттар Орусиянын аймагында 90 күн мыйзамсыз жашап жана эмгектенип, кийин бул убакыттын аякташы менен өлкөдөн чыгып, кайрадан кийинки күнү эле кирип жүргөн болсо, эми жаңы эрежеге ылайык, бул мүмкүн болбой калды. Ага дагы 90 күндөн кийин гана Орусияга кирүүгө болот, деп билдирет Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги өзүнүн расмий сайтында.