Жол кырсыгы акыркы суткада үч адамдын өмүрүн алып кетти

Кыргызыстанда акыркы күндө эки жол кырсыгынан беш адам жабыркап, үч адам каза тапты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, бир жол кырсыгы Чүй облусунун Буденовка айылында болсо, башкасы Жалал-Абад шаарында катталган.

Бишкек-Торугарт унаа жолунун 27-чакырымында –Ысык-Ата районунун Буденовка айылында – "MAN" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен "Хонда-Одиссей" жеңил унаасы сүзүшкөн. Анда жол кырсыгынан төрт адам жабыркап эки адам каза тапкан. Окуя кечээ 10-январь саат 16:50 чамасында жүз берген.

Өлкө ичинде катталган экинчи жол кырсыгы Жалал-Абад шаарында 11-январдын болжолдуу таңкы үчтөрүндө болгон. Анда айдоочу "Нива" үлгүсүндөгү унаасын башкара албай темир тосмону сүзүп алган. Кырсыктан унаанын ичиндеги бир адам жабыркап, экинчиси каза тапкан.