Кыргызстан менен Тажикстан чек ара аймактарындагы аскерлерин чыгарып кетүү жөнүндө макулдашышты

Кыргызстан менен Тажикстандын күч түзүмдөрү жаңжалдан кийин чек ара аймактарына тартылган бардык аскер бөлүктөрүн чыгарып кетүү жөнүндө макулдашууга келишти.

Сүйлөшүүлөр 13-январь күнү Баткен шаарында өттү.

Ага Кыргызстан менен Тажикстандын ички иштер министрлеринин орун басарлары, ошондой эле өлкөлөрдүн чек ара кызматтарынын өкүлдөрү — Тажикстандын чек ара кызматынын аскер бөлүктөрүнүн командири Раджабали Рахмонали менен Кыргызстандын чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Искендер Мамбеталиевдер катышышты.

«Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар чек ара аймактарындагы калктуу конуштардан аскер бөлүктөрүн чыгарып кетүү боюнча чараларды көрүү чечимине келишти», — деп жазылган Кыргызстандын Чек ара кызматынын жолугушуунун жыйынтыгы жөнүндөгү пресс-релизинде.

Аскер бөлүктөрү 11-январдагы чек арачылардын куралдуу кагылышууларынан кийин эки өлкө тараптан тең чек ара тилкелерине тартылган болчу.

Чек ара кызматы чек аранын жаңжал чыккан тилкесине канча аскер кызматкери жана канча аскердик техника тартылганын айтуудан баш тартып жатат. Бирок мекеменин басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын айтымында, кеп анча чоң эмес масштаб жөнүндө болуп жатат.

«Мурдагы күнү ал жакка биз тараптан да, тажик тараптан да коргоо министрлигинин кээ бир бөлүктөрү тартылган, бирок анча көп санда эмес. [Бүгүн] эки тараптын тең ал бөлүктөрүн чек ара аймактарындагы калк жайгашкан жерлерден алып кетүү чечими кабыл алынды. Анда чек арачылар менен милиция кызматкерлери гана калышат», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Жолдун курулушу уланат

Андан сырткары сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан жаңжалдын чыгышына себеп болгон Баткен облусунун Көк-Таш айылынын жанындагы унаа жолунун курулушун токтотуу жөнүндөгү Тажикстандын талабын аткаруудан баш тартты.

«Кыргыз тарап жолдун курулушун токтотуу ниети жок экенин билдирип, Көк–Таш – Ак-Сай жолун куруу маселесин өкмөттөр аралык комиссиянын кароосуна жөнөтүүнү сунуштады», — деп жазылган пресс-релизде.

Чек арачылар сүйлөшүүлөргө даярданганга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын бийликтери Баткен облусунун Көк-Таш айылынын жанындагы кыргыз-тажик чек ара тилкесинде орун алган жаңжал боюнча бирин-бири айыптоого жетишишкен.

Кыргызстандын ТИМи нааразычылык катары Тажикстанга эки нота жөнөттү.

Мекеме биринчи нотасында Тажикстандын чек арачыларынын Көк-Таш айылы жактагы жолдун курулушун токтотуу талаптарын мыйзамсыз деп эсептей турганын билдирген — жаңжалдын чыгышына дал ошол жолдун салынып жатышы себеп болгон.

Экинчи нотасында ТИМ жаңжалдын чоо-жайы иликтенип бүткөнгө чейин чек аралар белгисиз мөөнөткө жабыларын билдирген.

Ал ортодо жаңжал учурунда оор жараат алган Кыргызстандын чек арачыларынын үчөөсү Бишкекке жеткирилди, бүгүн алардын абалдары менен премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев таанышты.

Жаңы деталдар

Кыргыз бийлигинин версиясы боюнча, чек арадагы жаңжал Баткен облусунун Көк-Таш айылынын жанындагы тилкеге кыргыз тараптын жол куруп жаткандыгына Тажикстандын чек арачылары нааразычылыгын билдиргенден кийин башталган.

13-январда Кыргызстандын вице-премьери Токон Мамытов бийликтин жаңжалды биринчилерден болуп тажик чек арачылары баштагандыгы тууралуу буга чейин билдирген позициясын ырастады.

«Тажик чек ара кызматынын штаб башчысы, майор тапанчасын биздин чек арачынын башына такап, жол курууну токтоткула дегени, ага эскертүү берген биздин лейтенантты атып салганы сыяктуу тажик тараптын мындай кадамдарын кантип баалоого болот?» — деди ал жаңжалга арналган басма сөз жыйынында.

Кыргызстан унаа жол Тажикстан билдирип жаткандай талаш тилкеде эмес, Баткен облусунун аймагында курулуп жатканына ишенет.

«Тажик аскер кызматкерлери тарабынан жасалган зомбулуктун келип чыгышына «Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык» унаа жолунун тактала элек тилкеде эмес, Кыргызстандын өзүнүн аймагында салынып жатышы себеп болгону кыргыз тараптын нааразычылыгын жаратууда», — деп жазылган Кыргызстандын ТИМинин билдирүүсүндө.

Андан сырткары Кыргызстандын бийлиги Тажикстанды миномёт менен снайперлерди пайдаланган деп да айыптады.

Бирок расмий Тажикстан окуя боюнча башкача версиясын билдирип жатат.

«Кыргыз тарап 7-январдагы «Көкташ — Ак-Сай — Тамдык» унаа жолун куруу иштерин токтото турууга байланышкан кыргыз-тажик мамлекеттер аралык чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча жетишилген өкмөттөр аралык макулдашууларга карабастан, 11-январда жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен саат 12:20ларда куралдуу аскер кызматкерлеринин колдоосу менен бир бөлүгү Тажикстан Республикасынын аймагы менен өткөн жолдун курулушун улантууга аракет кылды», — деп жазылган Тажикстандын ТИМинин 11-январда тараткан билдирүүсүндө.

13-январга карата чек арадагы абал «туруктуу, бирок оор» бойдон калууда, деп билдирген өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамажан Бердишев «Азаттык» радиосуна берген маегинде.

«Биз калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантып жатабыз, бирок бул окуя чек арага жакын жашаган калкты бир топ эле тынчсыздантып койду», — деди ал.

Биргелешип көзөмөлдөө

Жаңжал эки өлкө кыргыз-тажик чек арасындагы талаш тилкелерди биргелешип көзөмөлдөө боюнча макулдашууга келген күндүн эртеси болгон.

«[Биргелешкен кайгуул] турмуштук мүнөзгө ээ чыр-чатактуу кырдаалдарды жок кылуу үчүн киргизилди», — деген вице-премьер Токон Мамытов иш сапарынын жыйынтыгы боюнча 10-январда өткөн басма сөз жыйынында.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдар өлкөлөр ортосундагы чек ара тилкелеринин көбүнүн делимитация жана демаркацияланбагандынан улам келип чыгууда.

«Анткени өкмөттөр аралык комиссиялардын, жумушчу топтордун жолугушуулары болгон эмес, а эгер жумушчу топтор жолуккан болсо, алардын жолугушуулары эч кандай натыйжасыз аяктаган. Бир пикирге келе алышкан эмес», — деп түшүндүргөн Мамытов 10-январда.

Кыргызстан менен Тажикстан чек араларды делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү 20-декабрдан кийин, тегерете Кыргызстандын аймагы менен курчалган Ворух тажик анклавынын жанындагы кезектеги жаңжалдан соң тездетишкен.

Андан бери эки өлкөнүн бийлиги ортосунда чек ара маселелерин чечүү боюнча эки  жолу сүйлөшүүлөр болду.

Сүйлөшүүлөрдүн кийинки этабы Бишкекте өтөт, ал январдын аягына пландалууда.

Татаал чек аралар

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанстандын аймактары Фергана өрөөнүн бириктирип, өлкөлөр ортосунда татаал чек ара системасы түзүлгөн. Ошондой эле өлкөлөрдүн бири-биринин аймактарында анклавдары да жайгашкан.

Өлкөлөр ортосундагы чек аранын кыйла бөлүгүнүн дагы деле делимитацияланбагандыгынан улам жергиликтүү жашоочулардын, кээ бирде чек арачылардын ортосунда да тез-тез жаңжалдар чыгып турат.

Акыркы бир жылдын ичинде эле Ворухтун айланасында мындан башка эки олуттуу жаңжал болгон.

Өткөн жылдын апрелинде чек арага жакын айылдардын 100гө чукул жашоочусу Кыргызстандын тажик аймагын айланып өтчү жолду куруп баштаганынан улам мушташып кетишкен.

19-декабрда Ак-Сай кыргыз айылынын жашоочулары айылдашынын жайкы эс алуу курулушун Тажикстандын жарандары өрттөгөн деген шек менен ворухтуктардын өз өлкөсүнүн негизги аймагына барчу жолун тосуп алышкан.

Жаңы жылга аз күн калганда Тажикстан өзүнүн бронетанкалык куралдарын чек ара аймагына жакындаткан. Бул өз кезегинде Кыргызстандын бийлигинин нааразычылыгын жаратып, ал коңшу өлкөдөн техникасын алып кетүүсүн өтүнгөн.

Автор: Бектур Искендер

Сүрөт "Азаттык" радиосунун сайтынан алынды