Бишкек шаарынын мэрин тандоо онлайн көрсөтүлөт

Эртең 15-январда өтө турган Борбор калаанын башчысын тандоо жана шайлоонун жүрүшүн онлайн көрүүгө болот. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Элвира Сариева коомдук тармактагы жеке баракчасы аркылуу билдирди.

Анда жазылгандай, шайлоо күнү эртең мененки саат тогуздан тарта шаардык кеңештин сайты (gorkenesh.kg) жыйындар залынан жандуу көрсөтүүсүн баштайт.

Андан сырткары аталган сайтта Бишкек шаардык кеңешинин мындан аркы отурумдары жана кабыл алган чечимдери менен таанышып, отурум залынан окуянын жандуу жүрүшүнө көз салып турууга мүмкүн экендигин белгилейт, өз билдирүүсүндө Сариева.