Ош мэрди шайлоого даярданып жатат

Оштун милициясы 14-январдан баштап күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Ал ортодо азырынча митинг өткөрүү боюнча эч ким билдирме жөнөтө элек.

Азырынча митингдер тууралуу билдирүүлөр келип түшпөгөнү менен милиция Оштун мэрин шайлоо күнү шаар тургундарын коопсуздук менен камсыздай турганын убалап жатат.

«Бизге эртең шайлоо болоору жана ага байланыштуу шаарды коопсуздук жана тартип менен кымсыздоо керектиги жазылган Ош шаарынын [ депутаттар кеңешинин] төрагасынан кат келди», — деди ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү Жеңишбек Ашырбаев Kloop.kgге берген маегинде.

Милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга шаар башчысын шайлоого бир күн калганда өттү.

«Бүгүнтөн баштап күсөтүлгөн тартипте иштеп жатабыз, райондор, шаарлар аралык чек араларга блок-посттор коюлду», — деп билдирди Ашырбаев.

Анын айтымында, шайлоо күнү милицияга элдик кошуундар көмөк көрсөтүшөт.

Оштогу коопсуздук чараларын күчөтүү аракеттери шайлоолордон кийин башаламандыктардын уюштурулушу ыктымалдыгы жөнүндөгү ушактарга байланышкан чочулоолордун фонунда көрүлүүдө.

«Вечерний Бишкек» гезити жеке булактарына шилтеме жасоо менен мурунку президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиев Ошто башаламандыктарды уюштурушу мүмкүндүгүн жазган, бирок ал маалыматтар эч ким тарабынан ырасталган жок.

Шайлоолордон кийинки башаламандыктардын ыктымалдыктарынан кооптонгондордун арасында Улуу Британиянын бийлиги дагы бар, алар өз жарандарын ал күндөрү Ошко барбай турууга чакырышты.

Оштун мэрлигине коалициялык көпчүлүк тарабынан сунушталган Айтмамат Кадырбаев менен оппозиция тарабынан көрсөтүлгөн мурунку калаа башчысы Мелис Мырзакматовдор ат салышышат.

Ош шаардык кеңешиндеги оппозициялык 22 орундун 21ин Мелис Мырзакматовдун «Улуттар биримдиги» партиясынын депутаттары ээлейт.

Калган 23 орунду коалициялык көпчүлүк ээлейт, анын курамына президенттик Социал-демократиялык партиясынын (КСДП), ошондой эле «Республика», «Адилеттүү Кыргызстан», «Ата-Мекен» жана  «Замандаш-Современник» партияларынын депутаттары бар.

Автор: Айзирек Алмазбекова