Ширеңке кутусу менен кантип фотоаппарат жасаса болот

2008-2009-жылдары Kloop.kg сайтындагы эң популярдуу блогдордун бири «…графия» долбоору болгон. Анын авторлору эски пленкалуу фотоаппараттар менен сүрөттөрдү тарып чыгарышчу. Бир жолу алар өз алдынча, ширеңкенин кутусунан... фотоаппарат жасашкан.

Бул материал «…графия» блогуна 2008-жылдын 10-декабрында чыккан. Анын автору «пинхолду» түзгөн, тактап айтканда ширеңке кутучасынан фотоаппарат жасаган адамдардын бири Мирбек Кадралиев. Материал эч өзгөртүлбөстөн, ошол бойдон берилди:

Эки ай мурун Джошик фотоаппаратты өз алдынча жасоого мүмкүн экендиги тууралуу айтканда ал мага ӨТӨ эле теориялык жумуш сыяктуу сезилген. Бирок жыйынтыгында мына мындай сүрөттөр жаралды: na-ostanovke3077119110_3110f65a451pr001-057555

А фотоаппараттын өзү мынакей. Такгыраагы, анын курамы:

fotik

Чогултулгандан кийин ал мындай көрүнүшкө ээ болот:999

Бул аппарат мен үчүн 51 сом болду. 50 сом пленка жана 1 сом ширеңке кутусу. Слайддуу пленка + кросс процесс )) ). Пакистан ширеңкелерин пайдалануу кеңешин берем – аларда түктөрү азыраак )))) Объектив катары кичинекей көзөнөкчө жасалган Кока-Коланын сырткы бөлүгү кызмат кылды (эмки жолкусунда сыранын сыртын алам!). Ал көзөнөкчөнүн эң үлгүлүүсү 0,22 мм болушу керек.

Бул сыяктуу аппараттар – атактуу адамдардын жеке жашоосун тартып чагылдырган журналист-фотографтар үчүн идеалдуу аспап. Бирок чынында кээ бирде айланадагы адамдар олуттуу түр менен ширеңке кутучасынан сүрөткө тартууга аракет кылып жаткан мага боорукерлик менен жиндиге карагандай карап жаткандай сезилчү. )))

Объективин 1-2 секунд ачып туруп тарттым. Фотоаппараттын өзү идеалдуу деле болгон жок. Андыктан эгер анын үстүнөн иштеп көрсө жаман эмес сүрөттөр жаралышы мүмкүн.

Жалпысынан барыңарга өткөнгө кайрылып, өз алдынча сүрөт тартуучу аспап жасап көрүү кеңешин берем. ))) Бул айтып бере алгыс сезимдерди жаратат. Өзүнчө эле баалуулуктарды жаңыдан баалоо. Ошентсе да “хассельбладдан” баш тартпайт элем )))

Эгер кимдир бирөө кызыгып калса мындай колго жасалган камералардын түзүлүшү жана жасоо ыкмалары тууралуу маалыматтар Pinhole.com жана Pinhole.ru сайттарында бар.

Учурдан пайдаланып мага жалаң эки, үч коюп келген физика мугалимиме кайрылгым келип жатат. Урматтуу Равина Анваровна, ал кантсе да баары бир айланып жатат го! )))) (Тамаша)

Кеңештери үчүн Джошикке өзүнчө ыракмат.

Дээрлик бир жылдан кийин Ги Лиат деген каймана аты бар белоруссиялык фото-сүрөтчү Бишкектеги «…графия» коомчулугуна кирип, Мирбектин «пинхол» жөнүндөгү окуясынын таасири астында өзүнүн ширеңкенин кутучасынан жасалган фотоаппаратын жасаган. Анын жардамы менен төмөндөгүдөй сүрөттөр тартылган:x_48dcd309 x_094914c3 x_c11b99b7 x_d7504e5d