УКМК муфтийдин айланасындагы чуулуу тасмага тиешеси жоктугун билдирди

Кыргызстандын атайын кызматы мурунку муфтийдин аялы менен болгон мамилеси тартылган видеого УКМКнын тиешеси бар болушу мүмкүн деген депутат Карамат Орозованын айткандарын четке какты. Депутаттын өзү анын айткандарын туура эмес түшүнүп калгандыктарын билдирүүдө.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 14-январь күнү «АКИпресс» маалымат агенттигине чыккан депутат Орозованын айткандарын четке какты.

Маалымат агенттик кабарлагандай, Орозова мурунку муфтий Рахматулла ажы Эгембердиевге байланышкан чуулуу тасма боюнча пикирин билдирип жатып «андай видеону атайын кызматтагылардан башка эч ким жасай албайт» деп айткан.

Эгер «АКИпресске» ишенсек, депутат бул билдирүүсүн парламент комитетинин жыйынында айткан.

УКМК өтө тездик менен жооп кайтарды — жаңылык пайда болгондон бир жарым саат өтпөй атайын кызматтагылар журналисттерге аталган видеого эч кандай тиешелери жоктугу жазылган пресс-релиз таратты.

«Улуттук коопсуздук органдары өз ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонмо кылат жана аткарат», — деп жазылган УКМКнын пресс-релизинде.

Буга жооп катары депутат Орозова Kloop.kgге берген маегинде анын айткандарын туура эмес түшүнүп калгандыктарын айтты.

«Мен мамлекеттик кызмат деп айткан эмесмин. Мен аппаратураларды орнотуу боюнча атайын кызматтарды көрсөткөндөр деп айткам«, — деди парламентарий.

Ал чуулуу тасманын айынан өткөн аптада мусулмандардын лидери Рахматулла ажы Эгембердиев муфтийликтен кеткен.

Анын белгисиз бир аял менен төшөк мамилеси тартылган тасма жаңы жылдын алдында Mail.ru видео-сервисине жарыяланган.

Муфтий тасмадагы айым экинчи аялы экенин билдирип, кызматынан 7-январда кеткен.

Автор:  Дарина Манасбекова