150 миң долларга вице-мэр кызматын убадалаган адам кармалды

Бишкек ШИИБсинин кызматкерлери тарабынан шаар тургунуна борбордун вице-мэрлик кызматын убадалап, андан 60 миң АКШ долларын алган деген шек менен бир адам кармалды. Ал убадасын аткаруу үчүн жалпысынан 150 миң доллар талап кылгандыгы болжолдонууда.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) басма сөз катчысынын айтымында, кармалган адамга каршы  өзүн жабырлануучу деп көрсөткөн Сергей аттуу адамдын атынан арыз келип түшкөн.

Өз арызынча жазгандай, Сергей Бишкектин борборундагы Токтогул жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинен бейтааныш адам менен таанышкан. Ал адам 150 миң долларга Сергейди борбордун вице-мэри кылып орноштура тургандыгын билдирип, убада берген.

Бейтааныш адам анын бийлик структураларында тааныштары көп экендигин айтып, Сергейди ишендирген.

Сергей 60 миң доллар бергенден кийин ал адам жашырынып, качып кеткен. Андан соң жабырлануучу укук коргоо органдарына кайрылган.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 47 жаштагы Д.Өмүртөрө кармалган. Анын жанынан 60 миң доллар алынган жана ал адамды жабырлануучу тааныган.

Тергөөчү Олжобай Казабаевдин айтымында, Өмүртөрөгө каршы алдамчылык беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Ошондой эле милицияга арыз менен кайрылган Сергейге каршы да кылмыш иши козголот.

«Жабырлануучуга каршы дагы кылмыш иши козголот, анткени ал пара берген», — деп түшүндүрдү Казабаев Kloop.kgге берген маегинде.

Милиционерлер Өмүртөрөнүн «профессионал алдамчы» экендигин билдирип жатышат. Алардын айтымдарында, ал жабырлануунун ишенимине оңой эле кирген жана чындыгында анын бийлик структураларында эч кандай тааныштары болгон эмес.

Автор:  Шерзод Бабакулов