Тажикстан менен болгон чек арадагы жаңжалдан кийин бүгүнкү күнгө андагы абал туруктуу бойдон калууда, деп билдиришти кыргыз чек арачылары. Ал ортодо чек арадагы ок атышуу боюнча Дүйшөмбү шаарында кылмыш иши козголду.
Баткен облусу боюнча аймактык чек ара башкармалыгынын өкүлдөрү Kloop.kgге берген маектеринде кыргыз-тажик чек арасындагы кечээки кыска убакытка созулган абалдын курчушунан кийин андагы күчөтүлгөн көзөмөл улантылып жатканын билдиришти.
Ошентсе да, жалпысынан чек арадагы абал «туруктуу бойдон» калып, андан бери эч кандай тартип бузуу болгон эмес.
«Азырынча биздин балдар күчөтүлгөн көзөмөлдө турушат, эч кандай өзгөрүү жок», — деди башкармалыктын өкүлү.
15-январда эки өлкөнүн чек арачыларынын жана күч түзүмдөрүнүн ортосунда кезектеги сүйлөшүүлөр өттү, бул жолкусунда жолугушуу Тажикстандын Исфара шаарында болду.
«Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар протоколго кол коюшту. Анын алкагында чек ара бөлүктөрү менен ички иштер органдарынын атайын бөлүктөрүнүн курамын иликтеп чыгуу максатында чек ара мекемелеринин, укук коргоо жана башка компетенттүү органдардан турган биргелешкен комиссия түзүү чечими кабыл алынды», — деп жазылган Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдирүүсүндө.
Чек ара Кыргызстан менен Тажикстандын, ошондой эле жаңжалга эч тиешеси жок үчүнчү бир өлкөлөрдүн жарандары менен унаалары үчүн да жабык бойдон калууда.
Бүгүнкү күнгө карата өлкөлөр ортосунда жүрүүнүн жалгыз жолу болуп авиакаттамдар калууда.
Унаа жолунун айланасындагы жаңжал
Кыргызстан чек арадагы абалдын кайрадан курчуп кеткендиги тууралуу 14-январь күнү кечинде билдирген. Анда Кыргызстандын чек ара кызматы чек арачылар ортосундагы сүйлөшүүлөргө тажик тарап «курал-жарактары менен» келгендиктерин билдирген.
Ал жолугушууда тараптар Кыргызстан салып жаткан Ворух тажик анклавын айланып өтчү унаа жолдун курулушун талкууга алуулары керек болчу.
Аталган жолго байланышкан курулуш иштери кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуулардын келип чыгышына биринчи жолу себеп болбой эле. Тажик бийлиги курулуп жаткан жаңы жолдун бир бөлүгү алардын өлкөсүнүн аймагы менен өтөт деп эсептешет.
Өз кезегинде Кыргызстан жолду өз аймагында гана куруп жатканын билдирип, ынандырууга аракет кылууда.
Өлкөлөр ортосундагы мамилелерге байланышкан көйгөй өзүнүн жогорку чегине 11-январда, аталган жолдун курулушу боюнча талаш-тартыштардан улам Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болгондо жеткет. Ал кагылышуунун жүрүшүндө жалпысынан 7 киши жараат алган.
Андан бери өлкөлөр ок атышууну биринчилерден болуп баштаган деп бири-бирин айыптап келишет, ал эми Тажикстанда болсо бул факт боюнча бүгүн кылмыш иши да козголду.
Татаал чек аралар
Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанстандын аймактары Фергана өрөөнүн бириктирип, өлкөлөр ортосунда татаал чек ара системасы түзүлгөн. Ошондой эле өлкөлөрдүн бири-биринин аймактарында анклавдары да жайгашкан.
Өлкөлөр ортосундагы чек аранын кыйла бөлүгүнүн дагы деле делимитацияланбагандыгынан улам жергиликтүү жашоочулардын, кээ бирде чек арачылардын ортосунда да тез-тез жаңжалдар чыгып келүүдө.
Акыркы бир жылдын ичинде эле Ворухтун айланасында мындан башка эки олуттуу жаңжал болгон.
Өткөн жылдын апрелинде чек арага жакын айылдардын 100гө чукул жашоочусу Кыргызстандын тажик аймагын айланып өтчү жолду куруп баштаганынан улам мушташып кетишкен.
19-декабрда Ак-Сай кыргыз айылынын жашоочулары айылдашынын жайкы эс алуу курулушун Тажикстандын жарандары өрттөгөн деген шек менен ворухтуктардын өз өлкөсүнүн негизги аймагына барчу жолун тосуп алышкан.
Жаңы жылга аз күн калганда Тажикстан өзүнүн бронетанкалык куралдарын чек ара аймагына жакындаткан. Бул өз кезегинде Кыргызстандын бийлигинин нааразычылыгын жаратып, ал коңшу өлкөдөн техникасын алып кетүүсүн өтүнгөн.
Автор: Дильшад Камирдинов