Оппозициялык депутаттардын Ош шаардык кеңешинен чыгышы жаңы шайлоолорду өткөрүүгө себеп болбойт

Боршайком оппозициялык «Улуттар биримдиги» партиясынын депутаттарынын бардыгы тең Ош шаардык кеңешинин курамынан чыгып кеткен күндө да ал кайрадан шайлоо өткөрүүгө себеп болбой тургандыгын ырастады — ал депутаттарды тизмедеги кийинки мүчөлөрү алмаштырышат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Рашид Бекбасаров Kloop.kgге берген маегинде эгер «Улуттар биримдиги» партиясынын депутаттары Ош шаардык кеңешинин курамынан чыга турган болушса алар партиянын тизмесиндеги кийинки адамдар менен алмаштырылаарын билдирди.

«Ал депутаттардын ордуна тизме боюнча башкалары келишет. Канча мүчөсү кетсе ошончосун кайра кошобуз», — деп билдирди Бекбасаров.

Ал азырынча депутаттардын кеңештин курамынан чыккандыктары тууралуу партиядан расмий билдирүү келе электигин кошумчалады.

«Жергиликтүү кеңешке «Улуттар биримдигинен» арыз келип түшкөн жок, ошондуктан кайрадан шайлоо өткөрүү жөнүндө кеп болушу мүмкүн эмес», — деди Бекбасаров.

«Улуттар биримдиги» партиясынын депутаттарынын шаардык кеңештин курамынан чыккандыктары тууралуу түштүк борбордун жаңы мэрин шайлоо боюнча өткөн сессиядан кийин депутат Абдыжапар Аккулов билдирген.

«Улуттар биримдигинин» депутаттары 15-январда өткөн шаар мэрин шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болуп жатышат. Анда Оштун мурунку мэри Мелис Мырзакматов бийликчил коалициянын талапкери Айтмамат Кадырбаевге утулуп калган болчу.

Мырзакматов мэрлик кызматтан оппозициянын митингинде сөз сүйлөгөндөн кийин, 2013-жылдын декабрынын башында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин жарлыгы менен алынган.

Анын шайлоодо утулуп калышы Оштун борбордук аянтында миңдеген тарапташтарынын митинг өткөрүүсүнө себеп болду, ал нааразычылык акциясынын жүрүшүндө мэриянын имаратын басып алуу аракеттери да болгон.

Бирок экс-мэр чогулган элдин алдына чыгып, тарапташтарын таркап кетүүгө чакырган. Бир катар талдоочулардын пикирлери боюнча, эми Мырзакматов мындан да жогорураак кызматка жетүүгө аракет кылат.

«Улуттар биримдигине» Ош шаардык кеңешиндеги 45 депутаттык орундун 21и тиешелүү.

Партиянын депутаттары андагы орундардын дээрлик жарымысын ээлеп турганы менен 2013-жылдын декабрынан баштап алар оппозициялык азчылыкта.

Автор: Мираида Жапарова