Шайлоодон кийин Ош мэриясынын кызматкерлери иштен кетип жатышат

Ошто жаңы мэр шайланган күндүн эртеси кеминде бир вице-мэр, ошондой эле мэриянын бөлүм жетекчилеринин тобу жана кызматкерлери жумуштан кетүү тууралуу арыздарын жазышкан.

Ош мэриясындагы бул өзгөрүүлөр тууралуу биринчилерден болуп мекеменин басма сөз кызматкери Бегимай Бекболотова өзүнүн «Фэйсбуктагы» баракчасы аркылуу 16-январда билдирди.

Ал Оштун төрт вице-мэри тең кызматтан кетүү тууралуу арыздарын бергендиктерин жазган, бирок алардын бири гана — Дастанбек Ходжаев — бул маалыматты Kloop.kgге берген маегинде ырастады.

Ходжаев аны менен болгон маектин диктофонго жазылып алынышын кааалаган жок, бирок кабарчыбыз менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө анын бул аракетинде «саясий себеп» жок экендигин билдирди.

«Жаңы мэр өз командасы менен келиши керек», — деди ал.

Башка вице-мэр Ильяс Раджапов анын кызматынан кеткендиги тууралуу айтылган маалыматтарды четке какты.

Kloop.kgге берген маегинде Бегимай Бекболотова мэриядан башка кызматкерлердин эмне себептен кетип жаткандыктарын билбестигин, ал эми өзүнүн кетишине жеке пландары себеп болгонун айтты.

«Мен дипломдук иш жазуу үчүн өргүүгө чыктым», — деди ал.

Бекболотованын айтымында, коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкерлери жумуштан кетүү чечимин мэр шайлангандан кийин өткөн чогулушта кабыл алышкан.

«Биздин башчыбыз Камиль Сыдыков башка пландары бар экенин айтып, кетип жаткандыгын билдирди. Анан анын артынан башкалары да кетүү чечимине келишти. Сыдыков азыр жумуш табуу кыйын экенин айтып, аларды жакшылап ойлонуп көрүүгө чакырды. Бирок кызматтын жумушчулары өз каалоолору менен кетүү чечимине келишти», — деди Бекболотова Kloop.kgге берген маегинде.

Оңдоо иштери

Азырынча Ош мэриясынын башка бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин кызматтарынан кетип жаткан-жатпагандыктары белгисиз. Бирок Бекболотованын айтымында, имараттын өзүндө олуттуу өзгөрүүлөр башталган.

«Ош шаарынын жаңы шайланган мэри Айтмамат Кадырбаев өз иш бөлмөсүндө оңдоо иштерин баштады. Андагы эмеректердин бардыгы тең чыгарылды. Курулуш материалдары алынып келинип, жумушчулар жасалгалоо иштерин башташты», — деп жазган ал өзүнүн «Фэйсбуктагы» баракчасына.

Бекболотованын айтымында, бейтааныш адам ага оңдоо иштеринин жүрүшүн сүрөткө тартып алууга уруксат бербей койгон.

Оштун мэрин шайлоо ал кайсы күнү өтө тургандыгы белгилүү болгондон баштап эле түрдүү чатактар менен коштолду.

2013-жылдын декабрынын соңунда мурунку мэр Мелис Мырзакматовдун «Улуттар биримдиги» партиясы тарабынан негизделген Ош шаардык кеңешиндеги башкаруучу коалиция күтүүсүздөн таркап кеткен.

Коалициялык көпчүлүктүн таркашына Мырзакматовдун тарапташы болгон «Замандаш-Современник» фракциясынын шаардык кеңештеги жалгыз депутатынын чакырылып алынышы себеп болгон. Анын ордуна келген партиялашы коалициядан чыга тургандыгын билдирген. Мындан улам шаардык кеңештеги Мырзакматовдун партиясынын үстөмдүгү жоголгон.

Андан соң дароо эле президенттик Социал-демократиялык партия башында турган жаңы коалиция түзүлгөн. Өз кезегинде ал коалиция мэрди шайлоодо өзү көрсөткөн Айтмамат Кадырбаевди колдоду.

Ошто кыйла эле кадыр-баркка ээ экс-мэр Мырзакматов оппозицияда калып, 45 депутаттын 19унун гана добушуна ээ болуп мэрлик орунга кайра кайтып бара алган жок.

Добуш берүүдөн кийин дароо эле Мырзакматовдун тарапташтарынын Ош мэриясынын алдындагы митинги милиция менен олуттуу кагылышууга айланып кете жаздаган, бирок чогулган элдин алдына чыккан мурунку мэр тарапташтарын тынчтандырып, жазында  «жаңы күч менен» келээрин убадалап аларды үй-үйлөрүнө таркап кетүүгө чакырган.

Автор: Бегайым Акбарова

Сүрөттө Ош мэриясынын алдында 15-январда өткөн митинг. Автору: Дастан Үмөттегин