Баткен: чек арадагы кырдаал канткенде жайгарылат?

Баткен облусунун Ак-Сай айыл аймагындагы кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал туруктуу болгону менен кооптуулук сакталып турат. Чек ара өтмөктөрү жабылганы Кулунду айылынын тургундары азык-оокаттан кыйынчылык тарта баштаганын айтып коңгуроо кагууда. Учурда чек арада түзүлгөн кырдаалды тынч жайгаруунун жолдору изделүүдө. Серепчилер эки өлкө ымалага келип, талаштуу чек ара тилкелерин аныктоону илгиртпей баштоо зарылдыгын белгилейт.

Абал тынч, бирок кооптуу

Баткен облусунда болуп өткөн кыргыз-тажик чек ара

жаңжалынан кийин бул чөлкөмдөгү калк кооптонуу менен жашап жатканын айтат жергиликтүүлөр. 40 жылдан ашуун убакыттан бери Көк-Таш айылында жашаган айыл башчы Разия Өсөрова абал тынч болгон менен кооптуу экендигин белгилейт.

“Чек арадагы атышуудан кийин учурда абал оорураак. Кооптуулук бар. Эл уктабай, түнү менен көчөдө жүрөт. Бала-чаканы жолго чыгаруудан кооптонуп, ушинтип турабыз. Бирок, Мамбеталиев, Курсан Асанов баш болгон күч органдары, акимибиз Жеңиш Раззаков баары ушул жерде”,- дейт айыл башчы.

Мурдатан эле карым-катнаш болбогон тажиктер менен бул жолку чыккан чырдын төркүнү – Көк-Таш - Ак-Сай -Тамдык унаа жолунунун курулушу болгон.

“Кыргызстандын аймагына курулуп жаткан жолго тажик тарап каршылык көрсөтүп, абал курчуду. Бизде өзү чыр-чатак көп болуп турат. Жылына 13-14 конфликт жүз берет. Айланма жол Лейлек району, Самаркандек айыл өкмөтү үчүн эң жакшы. Көз карандысыз жол курулса, Ворух анклавы курчоодо калат. Ошон үчүн алар жолду салдырбашка аракет кылып жатат”,- дейт Разия Өсөрова.

Бир апта мурун аталган айланма жолдун курулушуна тажик тарап каршылык көрсөтүп, чек арачылар ортосунда атышуу болгон. Анда 5 кыргыз, 3 тажик аскери жараат алган.

Өтмөктөр жабык: азык-оокат кымбат

Чырдын чыгышына негиз болгон узундугуу 5 чакырымдай Көк-Таш –Ак-Сай –Тамдык айланма жолдун курулушу токтобостон жүрүп жатканын транспорт министрлиги маалымдоодо.

Кок-Таш - Ак-Сай-Тамдык автоунаа жолу курулуп жатат
Кок-Таш - Ак-Сай-Тамдык автоунаа жолу курулуп жатат

Инциденттен кийин чек ара пункттары толук жабылган. Бул болсо Көк-Таш айылынын тургундарына эч кандай кыйынчылык жаратпаганын айтат айыл башчы Р.Өсөрова.

“Жолдун жабылганынан тажик  тарап кыйналат. Бизге калакаты жок. Азык-оокатыбыз жетиштүү эле”,- дейт Разия айым.

Анткен менен Тажикстан менен чектешкен Кулунду айыл округунун тургундары кыйынчылык жаралганын, азык-оокат кымбаттай баштаганын айтып коңгуроо кагышууда. Айыл жашоочусу Таирбек Абдилашим уулу белгилегендей, чек аралар жабылганы Тажикстандан келчү товарлардын агымы токтогон:

“Кулунду айылында тамак-аш азыктарынын наркы өсүп, ал тургай чет жакалардагы дүкөндөрдө азыктар калбай калды. Бизнесмендердин иши токтоду. Эл кыйналып атат. Айрыкча дары-дармектен. Дүкөндөрдө бар азыктар болгону 2-3 аптага жетет. Тажикстандын Ленинабадынан алып чыкчубуз. Кыргызстандын айылдарынан ташып келүүгө жол алыс, өзүн актабай калат”,- дейт ал.

Таирбек кошумчалагандай, жергиликтүү бийликтер тамак-аш азыктарын ташып келип камсыздоону убадалаган.

Абал дыкат көзөмөлдө

“Эл аралык толеранттуулук үчүн” уюмунун Баткен филиалы жүргүзгөн мониторингде  белгиленгендей,  учурда кыргыз-тажик чек аралаш аймактарында дүрбөлөңгө түшүп тынчсыздануу жок, бирок, ар кандай ушак-айыңдар калктын кооптонуусуна шыкак болууда. Укук коргоо органдары калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жергиликтүүлөрдөн түзүлгөн элдик кошуундар айылдарда күзөт уюштурууда.

Чек ара чатагы орун алган Ак-Сай айылында жашаган калктын саны 2 миңге жакын. Айыл Тажикстандын 35 миң калкы бар  Ворух анклавы менен чектешет.

Ал эми Көк-Таш  айылы Баткен облусунун Ак-Сай айыл округуна карайт. Калкынын саны 2 миңден ашуун. Тажикстандын Сомониен, Хочаи Аъло айылдары менен чектешет.

Чубалган чек ара чуулганы

Кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатактар Союз ыдырагандан бери улам курчуп келатканын, чек ара маселелерин чечүүдө кыргыз Өкмөтү комплекстүү иш кылбай жатканын белгилейт Жогорку кеңеш депутаты Улугбек Кочкоров.

Улугбек Кочкоров.
Улугбек Кочкоров.

“Өкмөт бир орган, бир команда катары иштебей жатат. Мисалы, энергетика, транспорт министрлиги чогуу отуруп, мага Тажикстан тарап жол салдырбай жатат, электр берүүдөн чектеп туралы деген шарттар болбой жатат да. Комплекстүү иш жок. Бирөөнү дайындап коебуз, ал барып, “иш мунусунда чечилген жок, 4-6 айда келгиле деди” деп эле 8 жыл барып-келип жүрдүк да.  Муну чечүү үчүн бизде саясий эрк болушу керек”,- дейт У.Кочкоров.

Эл өкүлү маселени илгиртпей чечүү зарылдыгын белгилейт:

“Чек ара маселелерин канчалык артка созгон сайын биздин пайдабызга эмес, коңшулар тарапка чечилип жатат. Элди кыжырдантканы - айланма жолду мына курабыз, эми барабыз, ана чечебиз деп чечилбей эле келе жатат  да. Бул жерде маселе элдин колуна өтүп кетпеши керек. Эл жабылып жолду тоскондо кагылышууга барышыбыз мүмкүн эле. Ошон үчүн көп кечеңдетпей, бийлик органдары жаптыбы, эми ушул маселе чечилмейинче границаны ачпаш керек. Себеби, границаны дагы кое берсе, эл өз колуна алып, тосуп, башка жолго бара турган болсо, согуш чыгып кетиши мүмкүн”,- дейт Улугбек Кочкоров.

Сереп: кырдаал канткенде жайгарылат

Кыргыз-тажик чек арасындагы маселени чечүү жолдорун серепчи, политолог Денис Бердаков клооп.кж_ге бөлүштү.

Денис Бердаков
Денис Бердаков

Kloop.kg: - Учурда Баткендеги чек арада түзүлгөн кырдаалдан кантип чыгууга болот? Тынчтык жол менен маселени чечүүгө мүмкүнбү?

Денис Бердаков: - Эгер Тажикстандын президенти жана Кыргызстан парламенти менен президенти чек аралар боюнча бир ымалага келип, демаркациялоо иштерин жүргүзүүгө белсенип катуу киришсе, тынчтык жол менен маселени чечүүгө болот. Бул катаал өтөт, бирок конфликтти чечүүнүн жалгыз жолу. Чек аралар демаркацияланганы менен, жагдайдын өнүгүшү ошол чек аралардын кандай жүргүзүлүшүнө да көз каранды болот.  Кандай болгондо да кайсы бир тарап нааразы боюнча калат. Бул болсо так чек аралар болгон чакта дагы конфликттердин болушуна себепчи болот.

Kloop.kg: - Чыңалган чек ара маселелерин чечүүгө Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ) ж.б. уюмдар кийлигише алабы?

Денис Бердаков: - Кыргызстан да, Тажикстан да ЖККУ, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) курамына кирген. Бирок, бул эки уюмдун тең алкагында ички конфликттерди чечүүнүн реалдуу инструменттери жок. ЖККУ сырткы коркунучтардан (маселен, Ооганстандагы жоокесептерден) коргоо уюму катары түзүлгөн. Эгер эки өлкө тең чек ара конфликтин чечүү үчүн кийлигишүүнү сурап өтүнмө жөнөтсө, уюмдун башка мүчө өлкөлөрү бул маселени ойлоп көрүшөт (эгер каалашса). Азырынча Кыргызстан да, Тажикстан да болуп өткөн окуя боюнча өтүнмө таштаган жок. Ал эми мунсуз суверендүү өлкөлөрдүн ички маселелерине эч ким кийлигише албайт. ЖККУнун мындай мандаты  жок. Эки өлкө тең бул конфликтти өздөрү чече алат, эгер  чындап каалашса. Бул болсо эки өлкөнүн элитасына көз каранды.

Орусиянын көмөгү зарылбы?

Бул арада Кыргызстандын Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен чек араларын кайтарууга орус аскерлерин тартуу керек деген пикирин Жогорку Кеңеш депутаты Райкан Төлөгөнов айтып чыкты.

“Коргонуу кеңешинин төрагасы (Кыргызстан президенти) Алмазбек Атамбаевге Россия Федерациясы менен тийиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн поручение берели”,- деп кайрылган ал кесиптештерине.

Төлөгөновдун айтымында, чыр-чатак чагымчылыктан чыкты делгени менен, бул-  Тажикстандын саясаты жана бул чөлкөмдөгү алгачкы конфликт эмес, кийинки чагымчылыктар мындан да катуу болот.

Анткен менен чек араларды орус аскерлерине корготуу демилгесин коомчулук өкүлдөрү алсыздык деп баалайт.

“Эгер чек араларыбызды орус аскерлери кайтарсын десек, анда Россиянын түзүмүнө  кирүүгө, же саясий көзкарандылыкка барууга туура келет. Менимче, бул алсыздык кылууга барабар”,- дейт Ош шаарынын тургуну Маматемин Орозкулов.

Чек арадагы чыңалуу дагы да кайта электинине байланыштуу учурда Ак-Сай аймагындагы кыргыз-тажик чек арасы кылдат кайтарууда турат. Чек ара конфликти боюнча кыргыз-тажик тараптын биргелешкен иликтөөлөрү жүрүп жатат.

Суроо-сопкут: калк пикири

Арстанбек Жүдөмүшев, Ош шаарынын тургуну:

Чек ара маселелери боюнча жаңжалдарды болтурбоонун жолу – эң негизгиси – мамлекеттик, өкмөттүк деңгээлде чечиле турган маселе. Себеби, Кыргызстанга караштуу ар бир чарчы метр делимитация, демаркация болмоюнча коңшу өлкөлөр менен (Кытайдан башкасы) жаңжал боло берчү көрүнүш. Себеби, чек аранын аныкталбагандыгында. Демаркация, делимитация болгондо гана сеники-меники деген жаңжал токтоп, чек ара кызматы өзүнүн милдетин так аткара баштайт. Ал эми карым-катнаш атайын өткөзүүчү пункттар аркылуу гана жүргүзүлөт.

Максатай Чулукова, Баткен облусунун тургуну:

- Баткенди алыскы өнүгө элек облус катары эмес, стратегиялуу маанилүү аймак катары кароо керек. Антпесе, акырындап аймагыбыз Тажикстан, Өзбекстан аймагына кошулуп кирип отуруп, жерибизден куру калабыз. Чек арадагы жоокерлерибиздин абалын жакшыртуу керек. Ошолор бизди коргойт. Ошондой эле калк көчүп кетпесин үчүн жашоо абалын жакшыртуу керек. Антпесе, ансыз да жаштар Чүй тарапка көчүп кетип жатышат.

Муктарбек Саламбай уулу, Ош облусунун Алай районунун тургуну:

- Чек араны так аныктоону кечеңдетпей башташ керек. Жер өзү туруп эле кеңейип же көбөйүп кетпейт. Канча эрте демаркация жана делимитация болсо, ошончо жакшы. Чек аралар так аныкталса, мыйзамдуу түрдө талашууга укук болот. Азыр ар түрдүү карталарда чек аралар түрдүүчө көрсөтүлүптүр. Кээ бир жерде уступкага барсак да, башкасында биз ээлик кылып, чек араны аныктоону тездетүү керек.

Гүлзат Газиева, Ош шаары

Башкы сүрөттөр Жеңиш Айдаровдуку

Материал “Кабар Ордо” долбоорунун алкагында даярдалды