Бир имараттын тарыхы: «Улитка» азем белектер дүкөнү

Кайсы бир кездерде Бишкектин эң оригиналдуу архитектуралык курулуштарынын бири болгон шаардын борборундагы «Улитка» деген аталыштагы азем белектер дүкөнү бүгүнкү күндө өтө аянычтуу абалда экендигине Kloop.kgнин фотокабарчылары күбө болушту.

«Улитка» ошол кезде курулуп жаткан Борбордук универсал дүкөнүнүн (ЦУМ) айланасындагы архитектуралык ансамблдин бир бөлүгү катары 1971-жылы тургузулган.02-04-01

Ал 60-жылдардагы совет архитектурасынын символдорунун бири болуп саналат. Көлөмүнүн кичинекейлигине карабастан аны куруу иштери эки жылга — 1969-жылдан 1971-жылга чейин созулган.

Кыргызстандын архитекторлор союзунун мүчөсү Юсуф Тагиров курулуштун узакка созулушу «Улитканын» конструкциясынын оордугуна байланыштуу болгонун билдирди.post-99-1134065821Курулуштун архитекторлору маркум Рафкат Мухамадиев менен Каныбек Алыкуловдор болушкан.

«Курулуш кызыктуу болчу, бирок аны тургузуу өтө кыйынга турган. Мухамадиев талаптагыдай автордук көзөмөл менен камсыз кылуу үчүн өз өргүүсүн да ушул курулушта өткөргөн», — деп эскерет Юсуф Тагиров.03_01_09_0011

Бул имарат эки бөлмөдөн турат, совет мезгилинде алардын башкысында азем белектер сатылчу. Бирок бүгүн аны зорго байкоого болот — тактасы өз түсүн жоготуп, көп жылдык кир менен катмар-катмар болуп капталып калган:ulitka_1584«Мурда өтө кооз болчу, жашылдандырылып турчу. Имаратты эч кимден сурабастан эле сатып жиберишти, ал жер азыр кафе. Учурда ал жакты карабай таштап коюшту», — дейт имараттын архитекторлорунун бири Каныбек Алымкулов.ulitka_1586«Улитканын» жанындагы «Белек» деген жазуу гана бул жерде кайсыл бир кездерде улуттук азем белектердин сатылгандыгынан кабар берип турат:ulitka_1587Жаңы ээлери аны «Snail» кафе-барына айлантышкан:ulitka_1588Алар имараттын жасалгасына бир аз өзгөртүүлөрдү киргизишкен:ulitka_1589Имараттын жогорку бурчунда чылымды жарнамалоого уруксат берилген кезди эске салган жарнама ошол бойдон калган:ulitka_1585ulitka_1583«Улитканын» дубалдарындагы жазууларды эч ким тазалабайт:ulitka_1582Шаардын борборунда жайгашканына карабастан азыр мында кардарлар анча көп болбойт:ulitka_1590Автор: Жазира Соорбекова