Чу дарыясын бекемдөө иштери аяктады

Чу дарыясынын түндүк-чыгыш тарабынан суу тоңуп, Чүй районунун Кызыл-Куруучу дачасынын тушуна туура келген жериндеги турак-жайларга суу кирүү коркунучун туудурган.

Фото-0051
Аталган дарыянын жээктерин бекемдөө иштерине 16-январда ӨКМдин алты куткаруучусу жана жергиликтүү тургундардан 18 адам тартылган.

Жээкке он тогуз оор жүк ташуучу унаа кум-шагыл төгүлүп, он метр жерге казыктар орнотулган жана андан сырткары 250 капка кум салынып бекемдөө иштери аяктаган.