Орусиянын депутаттары «Кыргызгазды» «Газпромго» сатуу жөнүндөгү мыйзамды жактырышты

17-январда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттары «Кыргыфзгазды» «Газпромдун» карамагына өткөрө турган мыйзам долбоорун жактырышты. Орусиялык алп жакынкы жылдары Кыргызстандын газ инфраструктурасына 20 млрд рубль жумшоо милдеттенмесин алууда.

Макулдашуунун Мамлекеттик Дума тарабынан жактырылышы — орусиялык «Газпромдун» «Кыргызгазга» ээлик кылуусундагы акыркы формалдуулуктардын бири болду.

Макулдашуу тууралуу жазылган орусиялык мыйзам толугу менен «Орусия Федерациясынын өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагына жаратылыш газын жеткирүү, бөлүштүрүү жана сатуу боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү» мыйзам деп аталат.

Орусиянын депутаттары макулдашууну кыргыз кесиптештери жактыргандан дээрлик бир ай өткөндөн кийин жактырышты.

Мамлекеттик Думадагы парламентарийлерден айырмаланып Жогорку Кенештин депутаттары мыйзам долбоорун жактырууда бир пикирде болуп, жалпы колдоого алышкан эмес.

Кыргыз депутаттары «Кыргызгазды» сатууга бир айдан ашык убакытка созулган талаш-тартыштардан кийин өз макулдуктарын беришкен. Талкуунун жүрүшүндө оппозиция мыйзам долбоору өлкөнүн көз карандысыздыгына коркунуч жаратат деп, аны өткөрбөй коюууга аракет кылган.

Жыйынтыгында «Кыргызгаз» «Газпромго» 1 АКШ долларына (50 сомго чукул) сатылган. Аны менен катар орус компаниясы «Кыргызгаздын» ондогон миллион долларлык карыздарын төлөп кутулуу милдетин алган.

Макулдашуунун тарапташтары «Газпром» өзүнүн мүмкүнчүлүктөрү менен өлкөнүн газ тармагындагы инфраструктурасын кызмат көрсөтүүнүн жогорку денгээлинде кармап тура алаарына ишенишет.

«Газпром» жабдуулар менен магистралдык газ түтүктөрүн модернизациялап, өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстанды көгүлтүр от менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу милдетин алууда — мунун бардыгы үчүн компания 20 миллиард орус рублин (29,7 миллиард сом) инвестициялайт.

Кыргызстандын өкмөтү «Газпром» көгүлтүр отко болгон бааны бийликтегилер менен макулдаша тургандыгын айтып, ишендирүүдө.

Автор: Мираида Жапарова