Видео: Ленин райондук сотунун судьясынын кармалышы

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматкерлери менен Башкы прокуратуранын өкүлдөрү пара алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясын колго түшүрүштү.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, судья мас абалында унаа башкарганы үчүн жазадан куткаруу үчүн Бишкек шаарынын тургунунан 6,5 миң сом талап кылган.

Ошондой эле кармалган адамдын жанынан пара катары алган акчадан сырткары дагы 18500 сом жана эки жүз АКШ доллары табылгандыгы кабарланууда.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Автор:  Карина Дитковская

Редактор: Шахида Дүйшеева