Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоонун жыйынтыктары расмий бекитилди

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоонун жыйынтыктарын расмий бекитти. Ал шайлоодо Бишкектин мэрлигине Кубанычбек Кулматов жана Оштун мэрлигине Айтмамат Кабырбаев шайланган.

Бишкектин жаңы шайланган мэри Кубанычбек Кулматовго бүгүн күбөлүк тапшырылат.

БШКдан кабарлашкандай, Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев өз документин эртең алат.

Кыргызстандын эки ири шаарынын мэрлерин шайлоо 15-январда өткөн.

Борбордун мэрлиги үчүн талапкер катары жалгыз Кулматов катышкан, ага Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 депутаттын 41и өз добуштарын беришкен.

Ошто болсо шайлоо атаандаштыкта, кыйла чыңалуу менен өткөн — мэрлик кызматка талапкер катары бийликчил коалициядан Айтмамат Кадырбаев жана оппозициялык партиядан мурунку мэр Мелис Мырзакматов көрсөтүлгөн.

Кадырбаев 45 депутаттын 25 добушуна ээ болуп, жеңишке жеткен. Өз кезегинде бул Ош мэриясынын алдында 5 миңге чукул адамдын катышуусундагы митингдин башталышына себеп болгон.

Мырзакматов менен анын «Улуттар биримдиги» партиясы шайлоонун алдында Ош шаардык кеңешинин оппозициялык депутаттарына карата басым жасалып жатканын билдиришип, далилдөөгө аракет кылышкан — алардын пикирлеринде, мурунку калаа башчысы басым жасоолордун жыйынтыгында шайлоодон жеңилип калган.

Бирок Боршайкомдун басма сөз кызматкери Kloop.kgнин журналисти менен болгон маегинде аларга шайлоонун өтүшү боюнча эч кандай даттануулар болбогондугун билдирди.

Автор: Шахида Дүйшеева

Сүрөттө: Солдо - Айтмамат Кадырбаев; оңдо - Кубанычбек Кулматов